# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-июнундагы № 318-б (Мамлекеттик резервге коюлчу аштык буудайдын жаңыртылышуу боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-июнундагы № 318-б (Мамлекеттик резервге коюлчу аштык буудайдын жаңыртылышуу боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 318-р
- Кабыл алынган күнү: 15.06.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.02.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207943>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-8310/edition/517949/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207943.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.02.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-июнундагы № 318-б (Мамлекеттик резервге коюлчу аштык буудайдын жаңыртылышуу боюнча) буйругу (26.02.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207943

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 15-июну № 318-б (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-февралындагы № 3-б буйругунун редакциясына ылайык)

Мамлекеттик резервге коюлчу аштык буудайдын сапатын жакшыртуу, анын өз убагында жаңыртылышын камсыздоо жана андан аркы сакталышы үчүн шарттарды түзүү максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик материалдык резервдер фонду бир апталык мөөнөттүн ичинде 20000 (жыйырма миң) тонна аштык буудайды брондон чыгарсын жана "Кыргыз агроазык-түлүк корпорациясы" ачык акционердик коомуна андан ун тартуу жана өлкөнүн ички рыногунда сатуу үчүн өткөрүп берсин.

2. "Кыргыз агроазык-түлүк корпорациясы" ачык акционердик коому 2010-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө өлкөнүн ички рыногунан ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдөн ГОСТтун 9353-90 "Буудай. Даярдоодогу жана сатып алуудагы талаптар" талаптарына жооп берген, сапаты боюнча 3-класстан төмөн эмес 20000 (жыйырма миң) тонна көлөмдө аштык буудай сатып алсын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна ушул буйруктун 1-пунктуна ылайык брондон чыгарылган аштык буудайдын запасынын ордун толуктоо үчүн өткөрүп берсин.

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-февралындагы № 3-б буйругунун редакциясына ылайык)

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө тапшырылсын.

Премьер-министр

И.Чудинов
