Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Мамлекеттик резервге коюлчу аштык буудайдын жаңыртылышуу боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 15-июну № 318-б (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-февралындагы № 3-б буйругунун редакциясына ылайык)
Мамлекеттик резервге коюлчу аштык буудайдын сапатын жакшыртуу, анын өз убагында жаңыртылышын камсыздоо жана андан аркы сакталышы үчүн шарттарды түзүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик материалдык резервдер фонду бир апталык мөөнөттүн ичинде 20000 (жыйырма миң) тонна аштык буудайды брондон чыгарсын жана "Кыргыз агроазык-түлүк корпорациясы" ачык акционердик коомуна андан ун тартуу жана өлкөнүн ички рыногунда сатуу үчүн өткөрүп берсин.
2. "Кыргыз агроазык-түлүк корпорациясы" ачык акционердик коому 2010-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө өлкөнүн ички рыногунан ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдөн ГОСТтун 9353-90 "Буудай. Даярдоодогу жана сатып алуудагы талаптар" талаптарына жооп берген, сапаты боюнча 3-класстан төмөн эмес 20000 (жыйырма миң) тонна көлөмдө аштык буудай сатып алсын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна ушул буйруктун 1-пунктуна ылайык брондон чыгарылган аштык буудайдын запасынын ордун толуктоо үчүн өткөрүп берсин.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-февралындагы № 3-б буйругунун редакциясына ылайык)
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-сентябрындагы № 495-б (2009-жылдын түшүмүнүн аштык буудай данын айылдык товар өндүрүүчүлөр тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу…Распоряжение · 04.09.2009 · № 495-р
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 61-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-июнундагы № 318-б буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралуу) буйругуРаспоряжение · 26.02.2010 · № 61-р