Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы «Эркештам-автожолу», «Торугарт-автожолу» эл аралык өткөрүү пункттарын куруу боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 15-июну № 316-б
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети:
- "Эркештам-автожолу" жана "Торугарт-автожолу" эл аралык өткөрүү пункттарын куруу долбоорун Кытай Эл Республикасынын Коргоо министрлигине белгиленген тартипте киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы менен бирдикте объекттерди куруу менен байланышкан уюштуруу маселелерин (курулуш иштеринин этаптарын жана технологиялык схемасын, куруучулардын, курулуш техникасынын жана транспорттун кирүү/чыгуу тартибин) Кытай Эл Республикасынын Коргоо министрлиги менен макулдашсын жана курулуш объекттери үчүн аянттарды даярдасын;
- Кытай Эл Республикасынын акысыз берилген аскердик-мүлктүк жардамдын эсебинен ташып келинген жана/же сатып алынган материалдарды, жабдууларды, курулуш жана башка техниканы бажылык тариздөө үчүн бажы алымдарын, салыктарды жана жыйымдарды төлөөдөн белгиленген тартипте бошотсун.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги өткөрүү пункттарын курууга тартылган Кытай Эл Республикасынын жумушчу куруучулар бригадаларынын визаларын тариздөөдө консулдук жыйымдардан бошотсун, Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитети тиешелүү уруксат берүүчү документтер менен камсыздасын.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетине кыргыз тарапка жүктөлгөн курулуш объекттери боюнча маселелерди чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин Бажы кызматынын өнүктүрүү фондунун атайын каражаттарын пайдалансын.
4. Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы материалдык каражаттарды коргоону жана курулуш бригадаларынын коопсуздугун камсыз кылсын.
5. Нарын жана Ош облустарынын мамлекеттик администрациялары Кыргыз Республикасынын Өнөржай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети менен бирдикте жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик:
- курулуш объекттерин электр менен камсыз кылуу маселесин чечүүгө көмөк көрсөтүшсүн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 16-январындагы № 29 токтому менен түзүлгөн Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык комиссиянын кароосуна "Эркештам-автожолу" жана "Торугарт-автожолу" эл аралык өткөрүү пункттарын куруу үчүн жер участокторун бөлүү жана трансформациялоо боюнча сунуштарды бир айлык мөөнөттө белгиленген тартипте киргизишсин;
- жерлерди бөлүп берүү менен байланышкан айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу акысын төлөөдөн бошотушсун;
- шагыл, кум жана топурак казуу боюнча карьерлерди аныкташсын.
6. Аталган объекттерди куруунун башталышы жерлер бөлүп берилген күндөн тартып аныкталсын;
- курулушту аяктоо үч айлык мөөнөттө ишке ашырылсын.
7. Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы "Эркештам-автожолу" жана "Торугарт-автожолу" эл аралык өткөрүү пункттарынын курулушун натыйжалуу контролдоо жана ал боюнча маселелерди чечүү максатында жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда бекитилсин.
8. Жумушчу топтун мүчөлөрүнүн иштери менен байланышкан чыгымдарды (командировкалык, транспорттук жана башка чыгымдар) каржылоо жиберүүчү тараптын бюджеттик каражаттарынын эсебинен, ал эми ушул курулушка тартылган чарбалык-эсептик уюмдардын сарптоолору (экспертиза жүргүзүү) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин Бажы кызматын өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен төлөнсүн.
9. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-июнундагы № 316-б буйругуна тиркеме
Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы "Эркештам-автожолу",
"Торугарт-автожолу" эл аралык өткөрүү пункттарын куруу
маселелерин чечүү боюнча жумушчу топтун
КУРАМЫ
- Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары, жумушчу топтун жетекчиси;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасынын биринчи орун басары;
- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары;
- Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын өнөржай, энергетика жана отун ресурстары министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
- Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары;
- Нарын облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр Н.Айтмурзаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Постановление Правительства КР от 16 января 2002 года N 29 "Об утверждении Положения о Республиканской комиссии по вопросам, связанным с отводом земель"Постановление · 16.01.2002 · № 29 · Күчүн жоготкон