# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-июнундагы № 312-б (2009-жылы селден жана ташкындардан жабыр тарткан объекттерде кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү максатында бөлүнү каражаттар боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-июнундагы № 312-б (2009-жылы селден жана ташкындардан жабыр тарткан объекттерде кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү максатында бөлүнү каражаттар боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 312-р
- Кабыл алынган күнү: 15.06.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.06.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207938>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-8305/edition/517032/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207938.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.06.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-июнундагы № 312-б (2009-жылы селден жана ташкындардан жабыр тарткан объекттерде кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү максатында бөлүнү каражаттар боюнча) буйругу (15.06.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207938

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 15-июну № 312-б 2009-жылы селден жана ташкындардан жабыр тарткан объекттерде кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 509 "Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсеп жөнүндө" токтому менен түзүлгөн атайын эсептин каражаттарынан Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 1 млн. 940 миң (бир миллион тогуз жүз кыркы миң) сом бөлүп берсин:

- 480 миң (төрт жүз сексен миң) сом Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Кара-Талаа участогунун Көк-Арт суусундагы көпүрөнү калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүү үчүн;

- 482 миң (төрт жүз сексен эки миң) сом Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Райкомол айылында издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү жана жер көчкүнүн кесепеттерин жоюу үчүн;

- 978 миң (тогуз жүз жетимиш сегиз миң) сом Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Арал участкасындагы көрүстөндү жуулуп кетүү коркунучунан коргоо боюнча кечиктирилгис иштерди жүргүзүү үчүн.

2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Арал участкасындагы көрүстөндү жуулуп кетүү коркунучунан коргоо жана Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Кара-Талаа участогунун Көк-Арт суусундагы көпүрөнү калыбына келтирүү боюнча иштерди уюштурсун.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
