# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 11-августундагы № 116 "2015-жылдын 4-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо, шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын Жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредитациялоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 11-августундагы № 116 "2015-жылдын 4-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо, шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын Жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредитациялоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 116
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.08.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20792>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1740/edition/713851/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20792.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 11-августундагы № 116 "2015-жылдын 4-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо, шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын Жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредитациялоо жөнүндө" токтому (11.08.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20792

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2015-жылдын 11-августу № 116 2015-жылдын 4-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо, шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын Жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредитациялоо жөнүндө Жалпыга маалымдоо каражаттары тарабынан аккредитациялоого берилген документтерди карап чыккан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү эрежелеринин сакталышын контролдоо боюнча Жумушчу топтун сунушунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11-беренесинин 1-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо, № 1 тиркемеде көрсөтүлгөн Жалпыга маалымдоо каражаттары шайлоо алдындагы үгүткө катышууга акредитациялансын.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 28-июлундагы № 84 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого Жалпыга маалымдоо каражаттарынын катышуусу жана аккредитациялоосу жөнүндө" жобонун 3-пунктунун 3.5-пунктчасынын талаптарын аткарбагандыгы үчүн № 2 тиркемеде көрсөтүлгөн Жалпыга маалымдоо каражаттары аккердитациялоодон баш тартылсын.

3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси П.П.Баженовго жүктөлсүн.

Төрага

Т. Абдраимов
