Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «2015-жылдын 4-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо, шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын Жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредитациялоо жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2015-жылдын 11-августу № 116 2015-жылдын 4-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо, шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын Жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредитациялоо жөнүндө Жалпыга маалымдоо каражаттары тарабынан аккредитациялоого берилген документтерди карап чыккан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү эрежелеринин сакталышын контролдоо боюнча Жумушчу топтун сунушунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11-беренесинин 1-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо, № 1 тиркемеде көрсөтүлгөн Жалпыга маалымдоо каражаттары шайлоо алдындагы үгүткө катышууга акредитациялансын.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 28-июлундагы № 84 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого Жалпыга маалымдоо каражаттарынын катышуусу жана аккредитациялоосу жөнүндө" жобонун 3-пунктунун 3.5-пунктчасынын талаптарын аткарбагандыгы үчүн № 2 тиркемеде көрсөтүлгөн Жалпыга маалымдоо каражаттары аккердитациялоодон баш тартылсын.
3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси П.П.Баженовго жүктөлсүн.
Төрага
Т. Абдраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 28 июля 2015 года № 84 "Об утверждении Положения «Об участии и аккредитации средств массовой…Постановление · 28.07.2015 · № 84
- Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 2-июлундагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык…Конституционный Закон · 02.07.2011 · № 68
- Положение «Об участии и аккредитации средств массовой информации при проведении выборов депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики» (утверждено постановлением Центральной…Положение · 28.07.2015 · № 84