Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн («Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун жана «Кумтөр Оперейтинг Компани» жабык акционердик коомунун ишмердигинен жаңы салык режимине ылайык келип түшкөн каражаттарды топтоо үчүн казыналык системасында өзүнчө эсеп ачуу боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 5-июну № 280-б "Бишкек шаарында 2009-жылдын 24-апрелинде кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, "Кыргызалтын" ачык акционердик коому, "Центерра Голд Инк." канадалык компаниясы, "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коому, "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коому жана "Камеко" канадалык корпорациясынын ортосундагы "Кумтөр" долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги алтын жана күмүш казуу жана иштетүү менен гана байланышкан "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун жана "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коомунун ишмердигинен жаңы салык режимине ылайык келип түшкөн каражаттарды топтоо үчүн казыналык системасында өзүнчө эсеп ачсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун жана "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коомунун ишмердигинен келип түшкөн каражаттарды топтоо үчүн казыналык системасында өзүнчө эсеп ачуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн финансы каражаттарын түздөн-түз максаттуу багыты боюнча бөлүп берилишин камсыз кылсын.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.