Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Ведомстволор аралык жумушчу комиссия түзүлүшү боюнча) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Правительства КР от 30 апреля 2012 года № 164-р (Об образовании рабочей группы)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-04-30.
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-апрелиндеги № 164-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 5-июну № 272-б Социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акы системасын реформалоо жана эмгек акы төлөө жаатындагы нормативдик укуктук базаны өркүндөтүү максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда ведомстволор аралык жумушчу комиссия түзүлсүн:
Ташпаева Н.А. - Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри, ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын жетекчиси; Нишанов А.Т. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын жетекчисинин орун басары.
Ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын мүчөлөрү:
Мамбетов К.Б. - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы; Абдрашев А.Б. - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы; Обозова Т.М. - Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министринин орун басары; Сүйүмбаева Э.А. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин социалдык чыгымдар саясаты башкармалыгынын начальниги; Назарова З.Д. - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин экономика жана финансы саясаты башкармалыгынын начальниги; Асанов С.Д. - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин экономика бөлүмүнүн начальниги; Касымалиева Г.К. - Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин эмгек жана социалдык өнөктөштүк башкармалыгынын начальнигинин орун басары; Кумсков В.И. - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Экономика институтунун өнүгүп жаткан экономиканын теориялык проблемалары бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); Саякова С.Ш. - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Экономика институтунун жетектөөчү илимий кызматкери (макулдашуу боюнча).
2. Ведомстволор аралык жумушчу комиссия үч айлык мөөнөттө социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акы системасын реформалоо жана эмгек акыны төлөө тармагындагы нормативдик укуктук базаны өркүндөтүү жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу комиссияга зарыл учурда министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана башка аткаруу бийлигинин органдарынын кызматкерлерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте ишке тартууга уруксат берилсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын уюштуруучулук жана башка камсыздоо иш-аракеттери Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-апрелиндеги № 164-б (Жумушчу топ түзүлүшү боюнча) буйругуРаспоряжение · 30.04.2012 · № 164-р
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 731-б (Бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлерине эмгек акы төлөө системасын реформалоо жана эмгек акы төлөө жаатындагы нормативдик укуктук…Распоряжение · 29.12.2009 · № 731-р
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-апрелиндеги № 164-б (Жумушчу топ түзүлүшү боюнча) буйругуРаспоряжение · 30.04.2012 · № 164-р