# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июнундагы № 262-б (Карыздардын өз учурунда жоюлушун контролдоону камсыз кылуу боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июнундагы № 262-б (Карыздардын өз учурунда жоюлушун контролдоону камсыз кылуу боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 262-р
- Кабыл алынган күнү: 03.06.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.06.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207902>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-8269/edition/516411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207902.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.06.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июнундагы № 262-б (Карыздардын өз учурунда жоюлушун контролдоону камсыз кылуу боюнча) буйругу (03.06.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207902

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 3-июну № 262-б "Электр энергиясынын негизги берүүчүлөрүнүн салыктык, бажылык төлөмдөр жана кредиттер боюнча негизги карыздарына, кошуп эсептелген пайыздарына, туумдарына, финансылык жана айыптык санкцияларга байланышкан береселерин кайра түзүмдөштүрүү, ошондой эле электр энергиясын керектөөчүлөргө электр бөлүштүрүүчү компаниялар тарабынан эсептелген туумдарды эсептен чыгаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, бажы төлөмдөрү боюнча карыздардын өз учурунда жоюлушун контролдоону камсыз кылуу максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети:

- "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун бажы төлөмдөрү боюнча карызына эсептелген 55,2 млн. (элүү беш миллион эки жүз миң) сом суммасындагы туум айыпты эсептен чыгарсын;

- "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун бажы төлөмдөрү боюнча 563,5 млн. (беш жүз алтымыш үч миллион беш жүз миң) сом суммасындагы негизги карызды төлөө мөөнөтүн он жылга узартсын;

- "Электр станциялары" ачык акционердик коому менен бажы төлөмдөрү жана эсептелген проценттер боюнча карызды жоюу боюнча милдеттенмелерди аткаруу шарттарын белгилөө менен Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине ылайык жоюу графигин түзүү менен карыздык милдеттенмени түзсүн;

- негизги карыз жана эсептелген проценттер боюнча карыздын өз учурунда жоюлушун контролдоону камсыз кылсын.

2. "Электр станциялары" ачык акционердик коому бажы төлөмдөрү жана эсептелген проценттер боюнча карызды жоюуну түздөн-түз жоюу графигине ылайык камсыз кылсын.

3. "Электр станциялары" ачык акционердик коому негизги карыз жана эсептелген проценттер боюнча карызды тындыруунун жоюу графигинде белгиленген мөөнөтүн бузган учурда карыздык сумма Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарына ылайык бажы органдары тарабынан алынууга тийиш экендиги белгиленсин.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
