# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-февралындагы № 36-б (Мамлекеттик резервден 2006-2007-жылдарга коюлган 13077 тонна аштык буудай данын брондон чыгаруу боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-февралындагы № 36-б (Мамлекеттик резервден 2006-2007-жылдарга коюлган 13077 тонна аштык буудай данын брондон чыгаруу боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 36-р
- Кабыл алынган күнү: 09.02.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.02.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207884>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-8251/edition/517659/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207884.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.02.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-февралындагы № 36-б (Мамлекеттик резервден 2006-2007-жылдарга коюлган 13077 тонна аштык буудай данын брондон чыгаруу боюнча) буйругу (09.02.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207884

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2010-жылдын 9-февралы № 36-б Мамлекеттик резервде сактоодо турган аштык буудай данынын сапатын жакшыртуу жана аны өз убагында жаңыртууну камсыз кылуу максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду жаңыртуу иретинде:

- мамлекеттик резервден 2006-2007-жылдарга коюлган 13077 тонна аштык буудай данын брондон чыгарсын;

- буудайды "Кыргыз агроазык-түлүк корпорациясы" ачык акционердик коомуна берсин.

2. "Кыргыз агроазык-түлүк корпорациясы" ачык акционердик коому мамлекеттик резервге ГОСТ 9353-90 "Буудай. Камдоодогу жана коюудагы талаптар" шарттарына жооп берген, камырдуулугу 23%дан жана 3-класстан кем эмес 14385 тонна аштык буудай данын 2010-жылдын 1-сентябрына чейин койсун.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна жана "Кыргыз агроазык-түлүк корпорациясы" ачык акционердик коомуна жүктөлсүн.

Премьер-министр

Д.Усөнов
