# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-январындагы № 20-б (Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук госпиталдын дарылоо корпусунун жаңы имаратын куруу боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Кытай жарандык инженердик-курулуш корпорациясынын ортосундагы контракттын долбоорун жактыруу тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-январындагы № 20-б (Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук госпиталдын дарылоо корпусунун жаңы имаратын куруу боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Кытай жарандык инженердик-курулуш корпорациясынын ортосундагы контракттын долбоорун жактыруу тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 20-р
- Кабыл алынган күнү: 26.01.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.01.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207874>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-8241/edition/517639/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207874.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.01.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-январындагы № 20-б (Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук госпиталдын дарылоо корпусунун жаңы имаратын куруу боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Кытай жарандык инженердик-курулуш корпорациясынын ортосундагы контракттын долбоорун жактыруу тууралуу) буйругу (26.01.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207874

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2010-жылдын 26-январы № 20-б Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 23-октябрындагы № 285 "Чогуу алганда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын дарылоочу корпусунун жаңы имаратын куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу үчүн Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө акысыз жардам көрсөтүүсү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну түзүүчү Кытай Эл Республикасынын Коммерция министрлигинин катына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2007-жылдын 14-августундагы жооп катын ратификациялоо тууралу" Мыйзамын ишке ашыруу максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук госпиталдын дарылоо корпусунун жаңы имаратын куруу боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Кытай жарандык инженердик-курулуш корпорациясынын ортосундагы контракттын тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрине жогоруда аталган контрактка кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

3. Ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн контрактка кол коюлгандан кийин аны ишке ашыруу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу орган болуп Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги аныкталышсын.

Премьер-министр

Д.Усөнов
