# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-январындагы № 17-б (Ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-январындагы № 17-б (Ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 17-р
- Кабыл алынган күнү: 19.01.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.02.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207872>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-8239/edition/517635/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207872.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.02.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-январындагы № 17-б (Ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн) буйругу (11.02.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207872

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2010-жылдын 19-январы № 17-б Мамлекеттер аралык бала (кыз) асырап алуу маселелерин жөнгө салуу, бала (кыз) асырап алуу боюнча Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук базасын өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 24-апрелиндеги 1137-IV "Ата-энесинен багуусуз калган балдарды чет өлкөлүк жарандарга баланы (кызды) асырап алууга берүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу жөнүндө" токтомуна ылайык:

1. Ведомстволор аралык комиссия төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:

Калимбетова Т.Б. - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри комиссиянын төрагасы; Рыскулова А.М. - Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министри, комиссиянын төрагасынын орун басары; Хорошман Е.Г. - Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигине караштуу Балдарды коргоо боюнча департаментинин директору, комиссиянын катчысы.

Комиссия мүчөлөрү:

Алиева Ж.С. - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы (макулдашуу боюнча); Суталинов М.А. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы (макулдашуу боюнча); Абдиев К. - Кыргыз Республикасынын юстиция министри; Конгантиев М.Т. - Кыргыз Республикасынын ички иштер министри; Мамбетов М.А. - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри; Исаев А.К. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы (макулдашуу боюнча); Насиза С.Х. - Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун биринчи орун басары (макулдашуу боюнча); Бакчиев Ж.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы; Тыналиева Ү.А. - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары; Асанкожоева З.М. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкмөттүн чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы.

2. Ведомстволор аралык комиссия 2010-жылдын 10-февралына чейинки мөөнөттө мамлекеттер аралык балдарды асырап алуу маселелерине тиешелүү Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштарын киргизсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-февралындагы № 40-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрине жүктөлсүн.

Премьер-министр

Д.Усөнов
