# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы № 11-б (Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Төлөгөн Касымбековдун кыргыз адабиятынын өнүгүүсүнө кошкон зор салымын эске алуу менен жана туулган күнүнүн 80 жылдыгына байланыштуу иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлүүсү тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы № 11-б (Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Төлөгөн Касымбековдун кыргыз адабиятынын өнүгүүсүнө кошкон зор салымын эске алуу менен жана туулган күнүнүн 80 жылдыгына байланыштуу иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлүүсү тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 11-р
- Кабыл алынган күнү: 15.01.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.02.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207865>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-8232/edition/517274/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207865.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.02.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы № 11-б (Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Төлөгөн Касымбековдун кыргыз адабиятынын өнүгүүсүнө кошкон зор салымын эске алуу менен жана туулган күнүнүн 80 жылдыгына байланыштуу иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлүүсү тууралуу) буйругу (11.02.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207865

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2010-жылдын 15-январы № 11-б Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Төлөгөн Касымбековдун кыргыз адабиятынын өнүгүүсүнө кошкон зор салымын эске алуу менен жана туулган күнүнүн 80 жылдыгына байланыштуу:

1. Юбилейлик иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча төмөнкүдөй курамда уюштуруу комитети түзүлсүн:

Калимбетова Т.Б. - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы; Раев С.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигинин директору, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.

Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:

Мусаев А.И. - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри; Нышанов А.Т. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; Кумаров Б.С. - Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор; Масиров К.М. - Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор; Жунусов И.К. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты; Таткулов Т.Дж. - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы (макулдашуу боюнча); Алымбаев А.М. - Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча); Молдокасымов К.С. - "Кыргыз Туусу" басма үйүнүн башкы редактору (макулдашуу боюнча); Турапов К.Ы. - Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын башкы директору (макулдашуу боюнча).

2. Уюштуруу комитети юбилейлик иш-чаралардын планын иштеп чыксын жана бекитсин.

3. Юбилейлик иш-чараларды өткөрүү боюнча чыгымдар демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен төлөнсүн.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигине жүктөлсүн.

Премьер-министр

Д.Усөнов
