# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы № 10-б (Ишканаларды, уюмдарды жана мекемелерди республикалык бюджеттин каражатынан каржылоону токтотуусу боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы № 10-б (Ишканаларды, уюмдарды жана мекемелерди республикалык бюджеттин каражатынан каржылоону токтотуусу боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 10-р
- Кабыл алынган күнү: 15.01.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.02.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207864>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-8231/edition/528018/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207864.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.02.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы № 10-б (Ишканаларды, уюмдарды жана мекемелерди республикалык бюджеттин каражатынан каржылоону токтотуусу боюнча) буйругу (01.02.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207864

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2010-жылдын 15-январы № 10-б (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы № 28-б буйругунун редакциясына ылайык)

Финансылык каражаттарды натыйжалуу пайдалануу максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

1.1. 2010-жылдын 1-январынан баштап төмөндөгү ишканаларды, уюмдарды жана мекемелерди республикалык бюджеттин каражатынан каржылоону токтотсун:

- Жалал-Абад облусунун Жол кыймылынын коопсуздугу бөлүмүнүн адистештирилген монтаждоо-эксплуатациялоо башкармасын;

- Нарын облусунун Жол кыймылынын коопсуздугу бөлүмүнүн адистештирилген монтаждоо-эксплуатациялоо башкармасын;

- Ош облусунун Жол кыймылынын коопсуздугу бөлүмүнүн адистештирилген монтаждоо-эксплуатациялоо башкармасын;

- Ысык-Көл облусунун Жол кыймылынын коопсуздугу бөлүмүнүн адистештирилген монтаждоо-эксплуатациялоо башкармасын;

- Ысык-Көл облусунун Суудан сактоо коомун;

- (Жетинчи абзац КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы № 28-б буйругуна ылайык күчүн жоготту);

- (Сегизинчи абзац КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы № 28-б буйругуна ылайык күчүн жоготту);

- (Тогузунчу абзац КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы № 28-б буйругуна ылайык күчүн жоготту);

- Жалал-Абад облусунун Жазуучулар союзун;

- Жалал-Абад облусунун "Стиль" үн жазуу студиясын;

- Жалал-Абад облусунун Чернобылчылар союзун;

- (Он үчүнчү абзац КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы № 28-б буйругуна ылайык күчүн жоготту);

- Жалал-Абад облусунун Суудан сактоо коомун;

- Жалал-Абад облусунун элдеринин ассамблеясын.

1.2. Мурда облустук бюджеттерден каржыланган жана республикалык бюджетке өткөрүп берилген төмөндөгү мекемелерди 2010-жылдын 1-январынан баштап Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин бекитилген сарптоолор каражатынын чегинде республикалык бюджеттен каржылоого которсун:

- Талас облусунун Ички иштер башкармасынын убактылуу кармоочу изолятору;

- Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармасынын убактылуу кармоочу изолятору;

- Нарын облусунун Ички иштер башкармасынын убактылуу кармоочу изолятору;

- Баткен облусунун Ички иштер башкармасынын убактылуу кармоочу изолятору.

1.3. 2010-жылдын 1-январынан баштап төмөнкүлөрдү кыскартсын:

- Чүй облусунун Ички иштер башкармасынын жол кыймылынын коопсуздугу бөлүмүнүн кошумча 20 штаттык бирдигин жана Чүй облусунун Ички иштер башкармасынын 23 штаттык бирдигин кармоого;

- Ош облусу боюнча Жарандык коргонуу штабынын, Ысык-Көл облусу боюнча Жарандык коргонуу штабынын, Чүй облусу боюнча Өзгөчө кырдаалдар башкармасынын иш-чараларына кошумча сарптоолорду;

- Чүй облусу боюнча Республикалык топтоо пунктунун кошумча сарптоолорун.

2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.

Премьер-министр

Д.Усөнов
