Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Ишканаларды, уюмдарды жана мекемелерди республикалык бюджеттин каражатынан каржылоону токтотуусу боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2010-жылдын 15-январы № 10-б (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы № 28-б буйругунун редакциясына ылайык)
Финансылык каражаттарды натыйжалуу пайдалануу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
1.1. 2010-жылдын 1-январынан баштап төмөндөгү ишканаларды, уюмдарды жана мекемелерди республикалык бюджеттин каражатынан каржылоону токтотсун:
- Жалал-Абад облусунун Жол кыймылынын коопсуздугу бөлүмүнүн адистештирилген монтаждоо-эксплуатациялоо башкармасын;
- Нарын облусунун Жол кыймылынын коопсуздугу бөлүмүнүн адистештирилген монтаждоо-эксплуатациялоо башкармасын;
- Ош облусунун Жол кыймылынын коопсуздугу бөлүмүнүн адистештирилген монтаждоо-эксплуатациялоо башкармасын;
- Ысык-Көл облусунун Жол кыймылынын коопсуздугу бөлүмүнүн адистештирилген монтаждоо-эксплуатациялоо башкармасын;
- Ысык-Көл облусунун Суудан сактоо коомун;
- (Жетинчи абзац КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы № 28-б буйругуна ылайык күчүн жоготту);
- (Сегизинчи абзац КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы № 28-б буйругуна ылайык күчүн жоготту);
- (Тогузунчу абзац КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы № 28-б буйругуна ылайык күчүн жоготту);
- Жалал-Абад облусунун Жазуучулар союзун;
- Жалал-Абад облусунун "Стиль" үн жазуу студиясын;
- Жалал-Абад облусунун Чернобылчылар союзун;
- (Он үчүнчү абзац КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы № 28-б буйругуна ылайык күчүн жоготту);
- Жалал-Абад облусунун Суудан сактоо коомун;
- Жалал-Абад облусунун элдеринин ассамблеясын.
1.2. Мурда облустук бюджеттерден каржыланган жана республикалык бюджетке өткөрүп берилген төмөндөгү мекемелерди 2010-жылдын 1-январынан баштап Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин бекитилген сарптоолор каражатынын чегинде республикалык бюджеттен каржылоого которсун:
- Талас облусунун Ички иштер башкармасынын убактылуу кармоочу изолятору;
- Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармасынын убактылуу кармоочу изолятору;
- Нарын облусунун Ички иштер башкармасынын убактылуу кармоочу изолятору;
- Баткен облусунун Ички иштер башкармасынын убактылуу кармоочу изолятору.
1.3. 2010-жылдын 1-январынан баштап төмөнкүлөрдү кыскартсын:
- Чүй облусунун Ички иштер башкармасынын жол кыймылынын коопсуздугу бөлүмүнүн кошумча 20 штаттык бирдигин жана Чүй облусунун Ички иштер башкармасынын 23 штаттык бирдигин кармоого;
- Ош облусу боюнча Жарандык коргонуу штабынын, Ысык-Көл облусу боюнча Жарандык коргонуу штабынын, Чүй облусу боюнча Өзгөчө кырдаалдар башкармасынын иш-чараларына кошумча сарптоолорду;
- Чүй облусу боюнча Республикалык топтоо пунктунун кошумча сарптоолорун.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр
Д.Усөнов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-июнундагы УӨ № 422 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин…Распоряжение · 01.06.2010 · № 422
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы № 28-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы № 10-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 01.02.2012 · № 28-р