# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 729-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 5-декабрындагы № 666-б буйругунун колдонулушу жокко чыгарылсын жана 2010-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготту деп табылуусу бонча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 729-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 5-декабрындагы № 666-б буйругунун колдонулушу жокко чыгарылсын жана 2010-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготту деп табылуусу бонча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 729-р
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207854>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-8221/edition/547860/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207854.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 729-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 5-декабрындагы № 666-б буйругунун колдонулушу жокко чыгарылсын жана 2010-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготту деп табылуусу бонча) буйругу (29.12.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207854

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 29-декабры № 729-б "Saryjaz Mineral Mining Company" жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан андан ары пайдалануу жана кармоо үчүн убактылуу тейлөөгө Каракол-Эңилчек автомобиль жолунун 38-143 км участкасын өткөрүп берүү жөнүндө" келишимдин колдонулушун мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу "Saryjaz Mineral Mining Company" жоопкерчилиги чектелген коомунун кайрылуусунун негизинде, ошондой эле аталган автомобиль жолун андан ары пайдалануу менен байланышкан маселелерди жөнгө салуу максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 5-декабрындагы № 666-б буйругунун колдонулушу жокко чыгарылсын жана 2010-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготту деп табылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги комиссия түзүп, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен "Сары-Жаз Минерал Майнинг Компани" ЖЧКсынын ортосундагы "Saryjaz Mineral Mining Company" жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан андан ары пайдалануу жана кармоо үчүн убактылуу тейлөөгө Каракол-Эңилчек автомобиль жолунун 38-143 км участкасын өткөрүп берүү жөнүндө келишимдин аткарылбай калышын баалашсын жана жолду куруу үчүн Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарткан чыгымдардын суммасын бекитишсин.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жүктөлсүн.

Премьер-министр

Д. Үсөнов
