# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-декабрындагы № 724-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 25-апрелиндеги № 168-б буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-декабрындагы № 724-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 25-апрелиндеги № 168-б буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 724-р
- Кабыл алынган күнү: 25.12.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.03.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207850>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-8217/edition/547851/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207850.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.03.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-декабрындагы № 724-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 25-апрелиндеги № 168-б буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча) буйругу (28.03.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207850

---

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-мартындагы № 85-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 25-декабры № 724-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 25-апрелиндеги № 168-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- "Кыргыз Республикасында 2010-жылга чейин мамлекеттик башкарууну децентралдаштыруу жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү" Улуттук стратегиясын ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңештин курамы ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин;

- 3-пункттагы "жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмү" деген сөздөр алып салынсын.

Премьер-министр

Д. Үсөнов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-декабрындагы № 724-б буйругуна тиркеме

"Кыргыз Республикасында 2010-жылга чейин мамлекеттик

башкарууну децентралдаштыруу жана жергиликтүү өз алдынча

башкарууну өнүктүрүү" Улуттук стратегиясын ишке ашыруу

боюнча Координациялык кеңештин

КУРАМЫ

Карашев А.А. - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси, Координациялык кеңештин төрагасы; Бакиров М.С. - Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор; Салымбеков А.М. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); Мусабеков А.О. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын уюштуруу жана контролдук иштер кызматынын Өкмөт жана башка мамлекеттик органдар менен байланыш боюнча сектор башчысы (макулдашуу боюнча); Тарбинский О.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары - администрациялык реформалар башкармалыгынын начальниги; Исаков Ж.Ы. - Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин директору, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); Салянова А.Ж. - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысы; Аалиев А.К. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин статс-катчысы; Байжуманов Д.Б. - Кыргыз Республикасынын Статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары (макулдашуу боюнча); Кенжебаев Д.Б. - Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары; Кожошев А.О. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; Жолдошов А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары; Олейниченко А.П. - Чүй облусунун Аламүдүн районунун Ленин айыл округунун башчысы (макулдашуу боюнча); Асанакунов Б.Д. - Кыргыз Республикасынын Муниципалитеттер ассоциациясынын директору (макулдашуу боюнча); Есеналиев М.К. - Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин юридика бөлүмүнүн башчысы, Координациялык кеңештин жооптуу катчысы (макулдашуу боюнча).

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри - Өкмөттүн Аппарат жетекчиси

А.Карашев
