# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-декабрындагы № 713-б (Ош облусунун Ноокат районундагы Жар-Коргон айылынын Жолдошев атындагы жана Кара-Суу районундагы Фуркат айылынын Пушкин атындагы мектептердин курулушун бүтүрүү жана эксплуатациялоого толук өткөрүп берүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-декабрындагы № 713-б (Ош облусунун Ноокат районундагы Жар-Коргон айылынын Жолдошев атындагы жана Кара-Суу районундагы Фуркат айылынын Пушкин атындагы мектептердин курулушун бүтүрүү жана эксплуатациялоого толук өткөрүп берүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 713-p
- Кабыл алынган күнү: 25.12.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.12.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207847>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-8214/edition/547821/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207847.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.12.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-декабрындагы № 713-б (Ош облусунун Ноокат районундагы Жар-Коргон айылынын Жолдошев атындагы жана Кара-Суу районундагы Фуркат айылынын Пушкин атындагы мектептердин курулушун бүтүрүү жана эксплуатациялоого толук өткөрүп берүү боюнча) буйругу (25.12.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207847

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 25-декабры № 713-б Ош облусунун Ноокат районундагы Жар-Коргон айылынын Жолдошев атындагы жана Кара-Суу районундагы Фуркат айылынын Пушкин атындагы мектептердин курулушун бүтүрүү жана эксплуатациялоого толук өткөрүп берүү максатында:

1. Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын капиталдык курулуш башкармалыгы Ош облусунун Ноокат районундагы Жар-Коргон айылынын Жолдошев атындагы мектеби үчүн 9,6 млн.сом жана Кара-Суу районундагы Фуркат айылынын Пушкин атындагы мектеби үчүн 6,9 млн.сом суммасындагы керектелүүчү финансылык каражаттар боюнча негиздүү эсептерди эки күндүк мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мектептердин курулушун бүтүрүү үчүн "Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын алкагында "капиталдык салымдар" беренеси боюнча каражаттарды бөлүштүрүүнүн эсебинен керектелүүчү финансылык каражаттардын 50 процентин издеп тапсын.

Премьер-министр

Д. Үсөнов
