# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 697-б (Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаментинин Аткаруу кеңешинин курамын бекитүү тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 697-б (Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаментинин Аткаруу кеңешинин курамын бекитүү тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 697-р
- Кабыл алынган күнү: 18.12.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.04.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207831>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-8198/edition/547779/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207831.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.04.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 697-б (Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаментинин Аткаруу кеңешинин курамын бекитүү тууралуу) буйругу (23.04.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207831

---

КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 23-апрелиндеги № 163 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ ТЕСКЕМЕ 2009-жылдын 18-декабры № 697-б

1. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаментинин Аткаруу кеңешинин курамы бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын энергетика министри;

- Кыргыз Республикасынын экономикалык тескөө министринин орун басары;

- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, энергетика тармагынын ишин караган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө карашуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө карашуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкмөттүн чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы;

- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаменттин директору.

2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2007-жылдын 18-октябрындагы № 439 жана 2007-жылдын 30-декабрындагы № 524 буйруктары күчүн жоготту деп табылсын.

Премьер - министри

Д. Үсөнов
