Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы Кыргыз Республикасынын аймагындагы жайыттарды ижарага берүү жөнүндө макулдашуунун долбооруна макулдук берилсин) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 15-декабры № 683-б Кыргыз Республикасынын аймагында жагымдуу ветеринардык-санитардык шарттарды камсыз кылуу, чектеш мамлекеттердин малын жаюуда жайыт жерлерине келтирилген экологиялык жана экономикалык зыянды четтетүү максатында:
1. Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы Кыргыз Республикасынын аймагындагы жайыттарды ижарага берүү жөнүндө макулдашуунун долбооруна макулдук берилсин.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр
Д. Үсөнов
Долбоор
Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын
ортосундагы Кыргыз Республикасынын аймагындагы
жайыттарды ижарага берүү жөнүндө
МАКУЛДАШУУ
Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасы, мындан ары Тараптар, 1996-жылдын 12-июлундагы Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы мамлекет аралык мамилелердин негиздери жөнүндө Келишиминин жоболоруна негизделип, эки элдин тарыхый жана салттык-достук байланыштарын жана ынтымактуу коңшулук мамилелерин сактоого жана бекемдөөгө болгон умтулуусунан төмөндөгүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене.
Ушул Макулдашуу менен аныктала турган кызматташтык Тараптардын мамлекеттеринин учурдагы мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
2-берене.
Тараптардын аталган Макулдашууну ишке ашыруу боюнча ишмердүүлүктү координациялоочу ыйгарым укуктуу органдары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Кыргыз Республикасынан - Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлиги,
- Тажикистан Республикасынан - Тажикстан Республикасынын айыл чарба министрлиги.
3-берене.
Кыргыз Республикасы айыл чарба малын багуу үчүн ушул Макулдашуунун тиркемесиндеги картада көрсөтүлгөн Баткен областынын Баткен, Лейлек райондорунун аймагындагы чек аралардагы 12200 га жайкы күзгү жайыттарды Тажикстан Республикасына берет. Тажик тараптын айыл чарба малынын саны Кыргыз Республикасында бекитилген зоотехникалык ченемдерге туура келет (1 га жерге 5 баш кой же 1 баш ири мүйүздүү мал жайгаштырылат). Мында 1 га жер үчүн төлөө өлчөмү 15 АКШ долларды түзөт. Кыргыз тарап Тажик тарапка жайыттардын түрүн, аймагын (гектар менен жана чек ара аймактарында), азыктуулугун жана оттуулугун көрсөтүү менен жайыттарды ижарага берүү актысы боюнча өткөрүп берет.
4-берене.
Тажик тарап Кыргыз Республикасынын аймагына малды айдап кирүүдө оору козгогучтарынын алдын алуу максатында малга коюлган талаптарды сактоону жана Эл аралык Эпизоотикалык Бюронун (ЭЭБ) жердеги жаныбарлардын санитардык кодексинин жана Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарынын сунуштарына негизделген талаптарга ылайык камсыздасын. Тажик тарап 7-беренеде каралгандардан тышкары, жер кыртышынын азыктуулугун бузбоого, дан өсүмдүктөрүн түзөңдөргө сеппөөгө, бадалдарды жана дарактарды кыйбаганга, курулуш иштерин жүргүзбөөгө ошондой эле бөлүнгөн аймактардын чектерин жана жайыттардын табигый экологиясын бузбоого милдеттенет.
5-берене.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ветеринардык кызматтарынын жана департаменттеринин жетекчилери зарыл маалымат алмашуу үчүн таджик тараптардын мамлекеттик органдар менен түздөн-түз байланыш түзө алышат же чыккан маселелер боюнча консультацияларды жүргүзүү үчүн жана профилактикалык иш-чараларды биргеликте иштеп чыгуу боюнча жолугушууларды уюштура алышат.
6-берене.
Эгерде бир тараптын аймагында Эл аралык Эпизоотикалык Бюронун жердеги жаныбарлардын санитардык кодексинин "А" жана "Б" тизмесиндеги көрсөтүлгөн оорулар чыкса, берки тарап малдын оорусу, оору козгогучтарды жайылтуучу потенциалдуу булак боло турган мал азыктары, биологиялык препараттар, фураж жана башка материалдар тараптын аймагына транзитти же алып кирүүнү чектөөгө акылуу. Оору чыккан аймактан мал азыктарын, биологиялык препараттарды, фураж жана башка материалдарды алып кирүүнү жана транзитти чектеген жана тыюу салган тарап, оору чыккан тараптын мамлекеттик ветеринардык кызматына тиешелүү кабарландыруу жиберет. Тажикстан Республикасынын ижарага алынган жайыттардагы айыл чарба малын дарылоого, союуга жана чыгарып кетүүгө байланышкан чыгымдарды Макулдашуунун негизинде Таджик Республикасы өзүнө алат. Эскертүү: Эл аралык Эпизоотикалык Бюронун (ЭЭБ) жердеги жаныбарлардын санитардык кодексинин "А" тизмесине трансчегаралык болуп эсептелген малдын оорулары кирет. "А" тизмесине 15 ар түрдүү оорулар, алардын ичинде "Яңурь", Канаттуулардын жогорку патогендүү тумоосу" кирет. Эл аралык Эпизоотикалык Бюронун жердеги жаныбарлардын санитардык кодексинин "Б" тизмесине чектелген жайылуу аймактагы оорулар кирет. Буга "Сибирь жарасы", "Кутурма", "Эхинококкоз" жана башка оорулар кирет.
7-берене.
Кыргыз Республикасынын ижарага алынган аймагында ветеринардык-санитардык жагымдуу абалды камсыздоо максатында Тажик тарапка бир жылдын ичинде Макулдашуу күчүнө кирген күндөн баштап, бирден кем эмес биотермикалык (Беккер ямасы) аңдарды куруу милдеттендирилет. Ошондой эле биотермикалык аңдарды куруу Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларына жооп берүүгө тийиш.
8-берене.
Тажикстан Республикасы Кыргыз Республикасы тарабынан ижарага берилген жайыттарды Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык пайдаланууга милдеттенет.
9-берене.
Кыргыз Республикасынын компетенттүү мамлекеттик органдары ушул Макулдашуунун алкагында Тажикстан Республикасы ижарага алган жерлерде Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларында бекитилген ветеринардык-санитардык, экологиялык жана башка ченемдерди, эрежелерди сактоосуна тоскоолдуксуз көзөмөл жүргүзүүгө жана табылган бузууларды жоюу жөнүндө тиешелүү аныктама (предписание) берүүгө укуктуу.
10-берене.
Тажик тарап жайыт жерлери бар жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары менен ижарага алынган жайыттарга чейин малды жеткирүү мөөнөттөрүн жана маршруттарын эртерээк макулдашууга милдеттенет. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын аймагына тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок киргизүүгө жана сатууга жол тосуу максатында Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын аймактык органдары менен чектеш мамлекеттердин айыл чарба малынын мамлекеттик чегарадан өтүү жол жобосун макулдашууга милдеттенет.
11-берене.
Ушул Макулдашууну талкуулоодо жана колдонууда чыккан талаш маселелер Тараптар ортосунда кеңешүү жана сүйлөшүү жолдору менен чечилет. Макулдашуу сүйлөшүлгөн шарттарды бузган учурларда мөөнөтүнөн эрте бузулат. А/ч малынын ээлери ушул Макулдашууну ишке ашыруу процессинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында кетирилген бузууларга жооп беришет.
12-берене.
Эгерде Тараптардын бири берки Тарапты ушул Макулдашуунун иш-аракетинин токтошу жөнүндө жок дегенде тиешелүү жылдын аякташына 1 ай калганда кабарландырбаса, Ушул Макулдашуу күчүнө кирген күндөн тартып бир жылдын ичинде иш-аракетке кирет жана автоматтуу түрдө жылдан жылга узартылат. Ушул Макулдашуунун иш-аракети токтогон күнү - бир Тарап экинчи Тараптан ушул Макулдашуунун иш-аракетинин токтогондугу жөнүндө кабарландырууну алган күн болуп эсептелет.
13-берене.
Ушул Макулдашуу ратификациялоого таандык жана Тараптар Макулдашуу күчүнө кирүүгө зарыл ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу жөнүндө кат жүзүндөгү акыркы кабарландырууну алган күндөн тартып күчүнө кирет.
200_-жылдын "__" _________ __________________ шаарында ар бири кыргыз, тажик, орус тилдеринде түпкү нускасында эки экземплярда түзүлдү, бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашуунун жоболорун талкуулоодо чыккан келишпестик учурларында Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат.
Кыргыз Республикасы үчүн Тажикстан Республикасы үчүн
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.