# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 681-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы № 281-б буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 681-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы № 281-б буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 681-р
- Кабыл алынган күнү: 15.12.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.12.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207820>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-8187/edition/547746/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207820.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.12.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 681-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы № 281-б буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу) буйругу (15.12.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207820

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 15-декабры № 681-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы № 281-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 5-пунктта "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмү" деген сөздөр алып салынсын;

- аталган буйруктун тиркемеси ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.

Премьер-министр

Д. Үсөнов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 681-б буйругуна тиркеме

Ишкердик иш-аракетти жөнгө салуунун ченемдик

укуктук базасына оптималдаштыруу жүргүзүү

боюнча ведомстволор аралык комиссиянын

КУРАМЫ

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри - ЕврАзЭСтеги атайын өкүл, комиссиянын төрагасы; Кыргыз Республикасынын экономикалык тескөө министри, комиссиянын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Инвестициялык кеңештин Секретариатынын жетекчиси, комиссиянын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин лицензиялык иштерди жөнгө салуу жана жөнгө салуучу таасирди талдоо башкармалыгынын начальниги, комиссиянын катчысы.

Комиссия мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика тармактарын өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын уюштуруу жана контролдук иштер кызматынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана башка мамлекеттик органдар менен байланыш боюнча секторунун башчысы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Президентинин Секретариатынын Эксперттик-аналитикалык камсыз кылуу кызматынын мониторинг жана баалоо тобунун жетекчиси (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын администрациялык реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук колдоо бөлүмүнүн башчысы; Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин директорунун орун басары (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысы; Кыргыз Республикасынын экономикалык тескөө министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; Кыргызстандын Ишкерлер союзунун аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); Кыргызстандын Рыноктор, соода ишканалары жана кызмат көрсөтүү чөйрөсү ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); Кыргызстандын Курулушчулар союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча); Менеджерлер ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); Кыргызстандын Банктар союзунун президенти (макулдашуу боюнча); Бизнес-чөйрөнү жакшыртуу боюнча ЮСАИД долбоорунун директору (макулдашуу боюнча).

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси

А.Карашев
