КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин товардык-материалдык баалуулуктарын тизмелеп-каттоо боюнча жоюу комиссиясынын курамын түзүү тууралуу) буйругу
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 9-декабры № 676-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча чаралар тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы № 425 Жарлыгын аткаруу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин товардык-материалдык баалуулуктарын тизмелеп-каттоо боюнча жоюу комиссиясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жоюу комиссиясы эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттикти жоюу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган бардык иш-чараларды жүргүзсүн, анын ичинде:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин мүлкүн эсепке алууну жана баалоону жүргүзсүн;
- белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин аталган мүлкүн жана документтерин Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине өткөрүп берсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин бошоп калган кызматкерлерин ишке орноштуруу боюнча сунуштарды киргизсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр
Д. Үсөнов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 9-декабрындагы № 676-б буйругуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин
товардык-материалдык баалуулуктарын
тизмелеп-каттоо боюнча жоюу комиссиясынын
КУРАМЫ
Аалиев А.К. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин статс-катчысы - комиссиянын төрагасы; Жигитов А.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы; Абдувапов А.К. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин уюштуруу-кадрдык кызмат жана финансылык камсыздоо башкы башкармалыгынын начальниги; Жуманова М.М. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин укуктук экспертизалар бөлүмүнүн башчысы; Усубалиева Н.А. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин борбордук бухгалтериясынын башчысы - башкы бухгалтер; Жүзөнова Д.С. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин кадрлар секторунун башчысы; Сатылганова С.Ж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин финансы, бухгалтердик эсеп бөлүмүнүн башчысы; Акбаев Н.Э. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин юридика бөлүмүнүн башчысы; Иманалиева Ж.Ж. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрдык кызматынын конкурстук тандоо жана мамлекеттик кызмат өтөө бөлүмүнүн башкы адиси.
Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министр - Өкмөттүн Аппарат жетекчиси
А.Карашев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндөЗакон · 22.10.2009 · № 283 · Күчүн жоготкон