Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасында Балдарды коргоонун эл аралык күнүн өткөрүү боюнча иш-чаралардын планы бекитилүү боюнча) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. Учурдагы редакциянын датасы: 2009-05-26.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 26-майы № 236-б Кыргыз Республикасында Балдарды коргоонун эл аралык күнүн майрамдоо алкагында балдарды коргоо жана алардын өсүп-өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү, коомчулуктун көңүлүн балалыктын проблемаларына бурууну күчөтүү, балдардын чыгармачыл жигерин өнүктүрүү, бийик адеп-ахлактык сапаттарга, патриоттуулукка жана жарандуулукка тарбиялоо максатында:
1. Кыргыз Республикасында Балдарды коргоонун эл аралык күнүн өткөрүү боюнча иш-чаралардын тиркелген планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) бекитилсин.
2. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери, облустардын жана райондордун мамлекеттик администрацияларынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары:
- Иш-чаралар планында каралган иш-чаралардын аткарылышын камсыз кылышсын;
- Иш-чаралар планынын аткарылышы жөнүндө маалыматты 2009-жылдын 1-июлуна карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттикке жалпылоо үчүн беришсин.
3. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы (макулдашуу боюнча) Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган иш-чаралар жөнүндө калкка маалымдоону камсыз кылышсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик Иш-чаралар планынын аткарылышы жөнүндө маалыматты 2009-жылдын 10-июлуна карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берсин.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-майындагы № 236-б буйругу менен бекитилген
Кыргыз Республикасында 2009-жылы Балдарды коргоонун
эл аралык күнүн өткөрүүнүн иш-чаралар
ПЛАНЫ
| № | Иш-чаралар | Аткаруучулар | Аткаруу мөөнөтү | Каржылоо булактары |
|---|---|---|---|---|
| 1. | Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусу менен Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган Республикалык балдар форумун өткөрүү | Мамспорткомитет, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, облустардын жана райондордун мамлекеттик администрациялары, Билиммин, Маданиятмин, Эмгексоцмин, Саламатмин, Миграциямамком, УТРК (макулдашуу боюнча), "ЭлТР" ТК, "Кабар" маалымат агенттиги, "Кыргыз Туусу" басма үйү, "Эркин-Тоо", "Слово Кыргызстана" гезиттеринин редакциялары, жергиликтүү ЖМК (макулдашуу боюнча) | 2009-жылдын 1-июну | 2009-жылга бекитилген бюджеттер- дин чегинде |
| 2. | Балдардын, ата-энелердин, эл аралык уюмдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын жана ассоциациялардын жана башкалардын катышуусунда облустарда, шаарларда, райондордо Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган балдар форумун өткөрүү | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, облустардын жана райондордун мамлекеттик администрациялары; Билиммин | 2009-жылдын 1-июну | 2009-жылга бекитилген бюджеттер- дин чегинде, тартылган каражаттар |
| 3. | Билим берүү уюмдарында Балдар жөнүндөгү Конвенцияны, Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндөгү Кодексин окуп үйрөнүүнү, балдардын конституциялык укуктарын, алардын билим алуусун жана өсүп-өнүгүүсүн, жашоосун жана ден-соолугун, адеп-ахлактык, патриоттук тарбия берүүнү жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан чараларды түшүндүрүү боюнча юристтер, медиктер, психологдор, педагогдор, социалдык кызматкерлер менен балдардын, ата-энелердин жолугушууларын уюштуруу | Билиммин; жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, облустардын жана райондордун мамлекеттик администрациялары; Эмгексоцмин, КТА | 2009-жылдын 1-25 июну | 2009-жылга бекитилген бюджеттер- дин чегинде |
| 4. | Балдар жана ата-энелер үчүн балдардын ден-соолугу, тамак-ашы, гигиенасы, балдардын жүргөн чөйрөсүнүн тазалыгы жөнүндөгү көйгөйлөр боюнча үгүт-маалымат иш-чараларды, лекцияларды, "тегерек үстөлдөрдү", чылым чегүү, баңгизаттарды жана спирт ичимдиктерин пайдалануунун зыяндыгы жөнүндө алдын-алуучу маектерди уюштуруу | Саламатмин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, облустардын жана райондордун мамлекеттик администрациялары | 2009-жылдын 30-майынан 25-июнуна чейин | Жергилик- түү бюджет, тартылган каражаттар |
| 5. | Мектеп-интернаттарды бүтүргөн жетим жана ата-энесинин кароосунан ажыраган балдарды мамлекеттик органдардын жетекчилери тарабынан менен кабыл алууну уюштуруу, аларга колдоо көрсөтүү, өз-алдынча жашоого адаптациялоо үчүн материалдык жардамдарды көрсөтүү | Билиммин, Эмгексоцмин, Миграциямамком, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, облустардын жана райондордун мамлекеттик администрациялары | 2009-жылдын 1-10 июну | Жергилик- түү бюджет, тартылган каражаттар |
| 6. | Өлкөнүн көрүнүктүү коомдук ишмерлери, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, ардактуу атуулдары, Эмгектин баатырлары, жазуучулар, сүрөтчүлөр жана мамлекетке эмгек сиңирген адамдар менен балдардын тематикалык жолугушууларын уюштуруу жана өткөрүү | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, облустардын жана райондордун мамлекеттик администрациялары, министрликтер жана ведомстволор, республикалык жана региондук окуу-тарбия борборлору, Кыргызстандын кесиптик уюмдар федерациясы (макулдашуу боюнча), эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча), өкмөттүк эмес уюмдар жана ассоциациялар (макулдашуу боюнча), көзөмөлдүк кеңештер (макулдашуу боюнча) | 2009-жылдын 1-15 июну | 2009-жылга бекитилген бюджеттер- дин чегинде |
| 7. | Өлкөнүн көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлерин, саясатчыларын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларын, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүн тартуу менен "Ар бир бала үй-бүлөдө жашоого укуктуу" конференция уюштуруу жана өткөрүү | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, облустардын жана райондордун мамлекеттик администрациялары, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор | 2009-жылдын 10-июну | 2009-жылга бекитилген бюджеттер- дин чегинде |
| 8. | Мамлекеттик жалпы билим берүү жана кесиптик-техникалык окуу жайларында, балдар үйлөрүндө жана мектеп- интернаттарда, реабилитациялоо борборлорунда, баш калкалоо борборлорунда, эрезеге жете элек балдар үчүн колонияларда балдардын чыгармачылык жамааттарын тартуу менен "Балдардан күлкү кетпесин" аттуу темада балдардын чыгармачылык конкурстарын (ырлар, бийлер, ж.б.), сүрөттөрдүн, дубалгезиттердин, плакаттардын жана сочинениелердин конкурстарын уюштуруу жана өткөрүү. Балдардын сүрөттөрүнүн көргөзмөсүн уюштуруу жана мыкты жазылган сочинениелердин жыйнагын даярдоо. Конкурстардын жеңүүчүлөрүнө баалуу белектерди берүүнү жана балдардын лагерлеринде жайкы эс алууларын уюштуруу | Билиммин, Маданиятмин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, облустардын жана райондук мамлекеттик администрациялары, республикалык жана региондук окуу-тарбия борборлору, Кыргызстандын кесиптик уюмдар федерациясы (макулдашуу боюнча), эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча), өкмөттүк эмес уюмдар (макулдашуу боюнча), ишкерлер ассоциациясы (макулдашуу боюнча), көзөмөлдүк кеңештер (макулдашуу боюнча) | 2009-жылдын 1-10-июну | 2009-жылга бекитилген бюджеттер- дин чегинде, тартылган каражаттар |
| 9. | Балдардын кинофестивалын уюштуруу (кинотеатрларда акысыз кино/мультфильмдерди көрсөтүү). Республикалык жана жергиликтүү телеканалдардан балдар жана үй-бүлө маселелери боюнча балдардын телеберүүлөрүн уюштуруу жана көрсөтүү | Маданиятмин, УТРК (макулдашуу боюнча), эл аралык уюмдар жана өкмөттүк эмес уюмдар (макулдашуу боюнча) | 2009-жылдын 1-5-июну | 2009-жылга бекитилген бюджеттер- дин чегинде, тартылган каражаттар |
| 10. | Социалдык роликтерди даярдоо жана УТРКда көрсөтүү, "Боз балдар" кинотасмасын жана "Джон" даректүү тасмасын көрсөтүү | Мамспорткомитет, УТРК (макулдашуу боюнча), "ЭлТР" ТК (макулдашуу боюнча), Маданиятмин, региондук телерадиокомпаниялар | 2009-жылдын 15-июну | 2009-жылга бекитилген бюджеттер- дин чегинде, тартылган каражаттар |
| 11. | "Балдарга оюнчук", "Балдар китепканасы" акцияларын уюштуруу жана өткөрүү | Билиммин, Маданиятмин; жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, облустардын жана райондордун мамлекеттик администрациялары | 2009-жылдын 10-июну | 2009-жылга бекитилген бюджеттер- дин чегинде |
| 12. | Спорттук оюн-зоок оюндарын, мелдештерди, жаш спортсмендердин көргөзмө чыгууларын уюштуруу | Мамспорткомитет, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, облустардын жана райондордун мамлекеттик администрациялары | 2009-жылдын 19-июну | 2009-жылга бекитилген бюджеттер- дин чегинде, тартылган каражаттар |
| 13. | "Апам, Атам жана Мен - спорттук үй-бүлө" конкурсун уюштуруу жана өткөрүү | Мамспорткомитет, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, облустардын жана райондордун мамлекеттик администрациялары, министрликтер жана ведомстволор, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча), өкмөттүк эмес уюмдар (макулдашуу боюнча) | 2009-жылдын 15-июну | 2009-жылга бекитилген бюджеттер- дин чегинде, тартылган каражаттар |
| 14. | Балдардын көйгөйлөрү жана Кыргызстанда балдардын жыргалчылыгы үчүн шарттарды түзүүнүн келечеги тууралуу министрликтердин жана ведомстволордун, ведомстволук мекемелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин, көз карандысыз эксперттердин жалпыга маалымдоо каражаттарында чыгып сүйлөөлөрүн уюштуруу | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, облустардын жана райондордун мамлекеттик администрациялары; министрликтер жана ведомстволор, УТРК, "ЭлТР" ТК (макулдашуу боюнча), "Кабар" маалымат агентиги, "Кыргыз Тусуу" басма үйү, "Эркин Тоо", "Слово Кыргызстана" гезиттеринин редакциялары, жергиликтүү ЖМК | 2009-жылдын 10-июну | 2009-жылга бекитилген бюджеттер- дин чегинде, тартылган каражаттар |
| 15. | Жетим балдар, ата-энесинин кароосунан ажыраган балдар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү балдар үчүн музейлерге, көргөзмөлөргө, эс алуу парктарына жана башкаларга экскурсияларды уюштуруу | Билиммин, Маданиятмин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, облустардын жана райондордун мамлекеттик администрациялары, эл аралык уюмдар жана өкмөттүк эмес уюмдар (макулдашуу боюнча) | 2009-жылдын 1-20-июну | 2009-жылга бекитилген бюджеттер- дин чегинде, тартылган каражаттар |
| 16. | Жетим балдарды, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды, жарым жетим балдарды жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялап жаткан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо боюнча "Биздин балдарга - эң жакшы нерселер" аттуу кайрымдуулук марафондорун уюштуруу жана өткөрүү | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, облустардын жана райондордун мамлекеттик администрациялары, министрликтер, мамкомитеттер, администрациялык ведомстволор, Билиммин | 2009-жылдын 16-июну | Тартылган каражаттар |
| 17. | Эсте калуучу белектерди, сувенирлерди тапшыруу менен асыроочу үй-бүлөлөргө, үй-бүлө тибиндеги үйлөргө, балдар үйлөрүнө, жетим балдар үчүн борборлорго, кароосуз эрезеге жете элек балдардын реабилитациялык борборлоруна, балдардын баш калкалоочу жайларына, балдар ооруканаларына, санаторийлерине, жетим балдар жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн мектеп- интернаттарына барууну уюштуруу | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, облустардын жана райондордун мамлекеттик администрациялары, министрликтер, мамкомитеттер, администрациялык ведомстволор, Билиммин | 2009-жылдын 1-10-июну | 2009-жылга бекитилген бюджеттер- дин чегинде, тартылган каражаттар |
| 18. | Зарыл жардам көрсөтүү менен качкындардын, аргасыз жер которгондордун, тынчтык мезгилде курман болгон аскер кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнүн камкордугунда (көзөмөлүндө) болгон мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын үйлөрүнө барууну уюштуруу | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, облустардын жана райондордун мамлекеттик администрациялары, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, билим берүү мекемелери | 2009-жылдын 1-10-июну | 2009-жылга бекитилген бюджеттер- дин чегинде, тартылган каражаттар |
| 19. | Шаарлардын жана айылдардын көчөлөрүндө Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган жарнактык- маалыматтык такталары менен кооздоо, тиешелүү жарык берүүнү, майрамдык жасалгалоону камсыз кылуу | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, облустардын жана райондордун мамлекеттик администрациялары, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча), өкмөттүк эмес уюмдар (макулдашуу боюнча) | 2009-жылдын 28-майынан 1-июнуна чейин | 2009-жылга бекитилген бюджеттер- дин чегинде, тартылган каражаттар |
| 20. | Жалпы билим берүү мектептердин, кесиптик-техникалык окуу жайлардын, техникумдардын окуучулары тарабынан даярдалган эл керектөөчү товарлардын "Өзүңө өзүң жардам бер" аттуу майрамдык сатуу-жармаңкесин уюштуруу | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, облустардын жана райондордун мамлекеттик администрациялары, Билиммин, КТА | 2009-жылдын 5-июну | Бюджеттик каражаттар |
| 21. | Балдардын укугун жана кызыкчылыктарын коргоо көйгөйлөрү, аткаруу бийлигинин органдары тарабынан аларды социалдык жактан коргоо жана колдоо иштери кандай жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу, ошондой эле балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө арналган иш-чаралардын жүрүшү жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоо | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, облустардын жана райондордун мамлекеттик администрациялары, УТРК (макулдашуу боюнча), "ЭлТР" ТК (макулдашуу боюнча), "Кабар" маалымат агенттиги, "Кыргыз Туусу" басма үйү, "Эркин Тоо" гезитинин редакциясы, "Слово Кыргызстана" басма үйү, жергиликтүү ЖМК (макулдашуу боюнча) | 2009-жылдын 1-20-июну | 2009-жылга бекитилген бюджеттер- дин чегинде, тартылган каражаттар |
| 22. | Жер-жерлерде балалыктын майрамдарын, чыгармачыл фестивалдарды, жаш таланттардын конкурстарын, көргөзмөлөрдү, "тегерек үстөлдөрдү" ж.б. өткөрүү. Дискотекаларды, театрлаштырылган көрсөтүүлөрдү, балдардын жана чоңдордун жамааттарынын майрамдык концерттерин уюштуруу, жалпы сейилдөөлөрдү республиканын шаарларынын жана айылдарынын эс алуу жайларында акысыз аттракциондорду уюштуруу, бал-муздактарды, таттууларды таратуу жана шаардык транспортто жүрүүсүн уюштуруу | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, облустардын жана райондордун мамлекеттик администрациялары, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор жана аткаруу бийлигинин башка органдары, билим берүү мекемелери, ЖОЖдор, орто кесиптик окуу жайлары (макулдашуу боюнча) | 2009-жылдын 1-20-июну | Жергилик- түү бюджет, тартылган каражаттар |
| 23. | Балдардын эмгегине каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүн майрамдоого арналган маалымат иш-чараларын уюштуруу жана өткөрүү | Эмгексоцмин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, облустардын жана райондордун мамлекеттик администрациялары, Эл аралык эмгек уюму (макулдашуу боюнча) | 2009-жылдын 12-июну | 2009-жылга бекитилген бюджеттер- дин чегинде, тартылган каражаттар |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.