# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы № 224-б (2008-жылдагы сел агымдарынан жана суу ташкындарынан жабыр тарткан объектилердеги авариялык-калыбына келтирүүчү кечиктирилгис жумуштарды уюштуруу жана жүргүзүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы № 224-б (2008-жылдагы сел агымдарынан жана суу ташкындарынан жабыр тарткан объектилердеги авариялык-калыбына келтирүүчү кечиктирилгис жумуштарды уюштуруу жана жүргүзүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 224-р
- Кабыл алынган күнү: 18.05.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.05.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207771>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-8138/edition/515986/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207771.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.05.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы № 224-б (2008-жылдагы сел агымдарынан жана суу ташкындарынан жабыр тарткан объектилердеги авариялык-калыбына келтирүүчү кечиктирилгис жумуштарды уюштуруу жана жүргүзүү боюнча) буйругу (18.05.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207771

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 18-майы № 224-б 2008-жылдагы сел агымдарынан жана суу ташкындарынан жабыр тарткан объектилердеги авариялык-калыбына келтирүүчү кечиктирилгис жумуштарды уюштуруу жана жүргүзүү, Чүй суусунун сол жээгинде жайгашкан калктуу конуштарды жана аймактарды сактоо боюнча долбоорлоо-изилдөө иштерин жүргүзүү жана коргоочу курулмаларды куруу, Ош облусунун Алай районундагы Кол-Чаты айылынын Узунтөр участкасында издөө-куткаруу иштерин аткаруунун жүрүшүндө жумшалган каражаттарды толуктоо үчүн, ошондой эле Бишкек-Ош автожолунун 222 жана 246-километриндеги кар көчкүнүн жана Чүй облусунун Кемин районунун Кызыл-Байрак айылындагы сел агымдарынын кесепеттерин жоюу максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 509 "Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсеп жөнүндө" токтому менен түзүлгөн өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсептин каражаттарынан 2009-жылга чыгымдардын бекитилген сметасына ылайык Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 59 млн. 226 миң (элүү тогуз миллион эки жүз жыйырма алты миң) сом бөлүп берсин, анын ичинен:

- 48 млн. 452 (кырк сегиз миллион төрт жүз элүү эки) миң сом ушул буйруктун № 1 тиркемесине ылайык 2009-жылы республиканын аймагындагы объектилерде кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирүүчү кошумча жумуштарды жүргүзүү үчүн;

- 9 млн. 950 (тогуз миллион тогуз жүз элүү) миң сом ушул буйруктун № 2 тиркемесине ылайык долбоорлоо-изилдөө иштерин жүргүзүү, долбоорлоо-сметалык документтерди түзүү жана Чүй суусунун сол жээгиндеги эң эле опурталдуу участкаларында кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирүүчү жумуштарды аткаруу үчүн;

- 823,5 (сегиз жүз жыйырма үч миң беш жүз) миң сом Ош облусунун Алай районунун Кол-Чаты айылына караштуу Узунтөр участкасында издөө-куткаруу иштерин жүргүзүүгө жумшалган каражаттарды толуктоо, Бишкек-Ош автожолунун 222 жана 246-километриндеги кар көчкүнүн жана Кемин районунун Кызыл-Байрак айылындагы сел агымдарынын кесепеттерин жоюу үчүн.

2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2009-жылы республиканын аймагында кошумча кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүүнү уюштурсун.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы № 224 буйругуна № 1 тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

тарабынан 2009-жылы кечиктирилгис авариялык-калыбына

келтирүүчү жумуштар жүргүзүлүүчү кошумча объектилердин

ТИЗМЕСИ

| № | № | Объектинин аталышы ├────┬─────┼───────┬────────┤лердин | Коргойт калык тү- түн | Узундугу түү Айыл чарба жер- лери | Объекти- жалпы (км) | Техни- оңдолуу- чу участка (км) | Эскер- сметалык наркы, миң сом | абалы |  |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- |
|  |  | Бардыгы | 3828 | 643 | 42,661 | 7178,75 | 48452,443 |  |  |
|  |  | "Сел жана суу ташкында- рынан коргоо" башкарма- лыгы |  |  |  |  |  |  |  |
|  |  | Башкарма- лык боюнча бардыгы | 2439 | 555 | 42,661 | 3,616 | 13851,943 |  |  |
|  |  | Баткен облусу | 1367 | 21 | 18,402 | 0,752 | 3953,191 |  |  |
|  |  | Жалал-Абад облусу | 206 | 410 | 15,986 | 0,472 | 5340,720 |  |  |
|  |  | Ош облусу | 350 | 35 | 1,800 | 0,050 | 1082,947 |  |  |
|  |  | Нарын облусу | 101 |  | 0,650 | 0,012 | 143,293 |  |  |
|  |  | Ысык-Көл облусу | 5 | 38 | 0,190 | 0,100 | 1653,256 |  |  |
|  |  | Талас облусу | 150 |  | 5,00 | 2,00 | 1079,492 |  |  |
|  |  | Чүй облусу | 260 | 50 | 0,633 | 0,230 | 599,044 |  |  |
|  |  | Баткен облусу | 1367 | 21 | 18,402 | 0,752 | 3953,191 |  |  |
|  |  | Лейлек району |  |  |  |  |  |  |  |
| 1 | 1 | Аксуу айылы, Аксуу суусундагы коргоочу дамба, оң жээги | 540 | 8 | 8,2 | 0,16 | 538,409 | ка- наат- танды- рарлык эмес |  |
| 2 | 2 | Аксуу айылы, Аксуу суусундагы коргоочу дамба, оң жээги | 540 | 8 | 8,2 | 0,32 | 1135,404 | ка- наат- танды- рарлык эмес |  |
|  |  | Баткен району |  |  |  |  |  |  |  |
| 3 | 3 | Апкан айылы, Сох суусундагы коргоочу дамба, оң жээги | 197 | 3 | 1,5 | 0,17 | 1625,955 | ка- наат- танды- рарлык эмес |  |
|  |  | Кадамжай району |  |  |  |  |  |  |  |
| 4 | 4 | Өтүкчү-2 айылы, Сох суусундагы коргоочу дамба, оң жээги | 90 | 1 | 0,502 | 0,102 | 653,423 | ка- наат- танды- рарлык эмес |  |
|  |  | Жалал-Абад облусу | 206 | 410 | 15,986 | 0,472 | 5340,72 |  |  |
|  |  | Базар- Коргон району |  |  |  |  |  |  |  |
| 5 | 1 | Сай-Коргон участкасы, Караүңкүр- сай суусундагы № 8 коргоочу дамбага авариялык- калыбына келтирүүчү жумуштар | 0 | 5 | 0,586 | 0,260 | 1974,491 | ка- наат- танды- рарлык эмес |  |
|  |  | Сузак району |  |  |  |  |  |  |  |
| 6 | 2 | Чочкоферма участкасы, Көгарт суусунун нугун тазалоо, авариялык- калыбына келтирүүчү жумуштар |  |  |  | 200 | 1622 | ка- наат- танды- рарлык эмес |  |
|  |  | Ноокен району |  |  |  |  |  |  |  |
| 7 | 3 | Могол участкасы, Шайдан-Сай суусундагы № 3 коргоочу дамбанын авариялык- калыбына келтирүүчү жумуштары | 172 | 191 | 3,0 | 0,140 | 638,465 | ка- наат- танды- рарлык эмес |  |
| 8 | 4 | Караүңкүр- сай суусундагы № 2 коргоочу дамбанын авариялык- калыбына келтирүүчү жумуштары | 34 | 213 | 12,4 | 0,072 | 1105,764 | ка- наат- танды- рарлык эмес |  |
|  |  | Ош облусу | 350 | 35 | 1,8 | 0,05 | 1082,947 |  |  |
|  |  | Кара-Суу району |  |  |  |  |  |  |  |
| 9 | 1 | Кайрат- Калинин айылы, Мадысай суусуна селден коргоочу дамба куруу | 350 | 35 | 1,8 | 0,05 | 1082,947 |  |  |
|  |  | Нарын облусу | 101 |  | 0,7 | 0,012 | 143,293 |  |  |
|  |  | Нарын району |  |  |  |  |  |  |  |
| 10 | 1 | Он-Арча суусунун системасы, Кара-Чий селден коргоочу дамба | 101 |  | 0,650 | 0,012 | 143,293 | ка- наат- танды- рарлык эмес |  |
|  |  | Ысык-Көл облусу | 5 | 387 | 0 | 0 | 1653,256 |  |  |
|  |  | Тоң району |  |  |  |  |  |  |  |
| 11 | 1 | Тоң суусундагы селден коргоочу дамба | 5 | 387 | 0,19 | 0,10 | 1653,256 | ка- наат- танды- рарлык эмес |  |
|  |  | Талас облусу | 150 | 0 | 5 | 2 | 1079,492 |  |  |
|  |  | Бакай-Ата району |  |  |  |  |  |  |  |
| 12 | 1 | Бакай-Ата айылындагы Жарке коргоочу дамбасы | 150 |  | 5,0 | 2,0 | 1079,492 | ка- наат- танды- рарлык эмес | \- |
|  |  | Чүй облусу | 260 | 500 | 0,633 | 0,23 | 599,044 |  |  |
| 13 | 1 | Кара-Ой айылынын Бурана суусундагы коргоочу дамба | 50 |  | 0,14 | 0,14 | 386,224 | ка- наат- танды- рарлык эмес |  |
| 14 | 2 | Алчалуу айылынын Бурана суусунда- гы коргоочу дамба | 140 | 50 | 0,268 | 0,04 | 114,996 | ка- наат- танды- рарлык эмес |  |
| 15 | 3 | Султан айылынын Бурана суусундагы коргоочу дамба | 120 | 400 | 0,225 | 0,05 | 97,824 | ка- наат- танды- рарлык эмес |  |
| Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча түштүк департменти боюнча |  |  |  |  |  |  |  |  |  |
|  |  | Департа- мент боюнча бардыгы | 1389 | 882 |  | 3562,75 | 34600,5 |  |  |
|  |  | Ош облусу | 1162 | 882 |  | 3561 | 8818,2 |  |  |
|  |  | Баткен облусу | 227 |  |  | 0,870 | 8501,2 |  |  |
|  |  | Жалал-Абад облусу |  | 1 кө- пүрө |  | 0,88 | 17281,1 |  |  |
|  |  | Ош облусу | 1162 | 882 |  | 3561 | 8818,2 |  |  |
|  |  | Араван району |  |  |  |  |  |  |  |
| 15 | 1 | Жаңы- Араван участкасы, Аравансай суусундагы авариялык- калыбына келтирүүчү жумуштары |  | 250 |  | 0,10 | 1500,0 | ка- наат- танды- рарлык эмес | инфра- түзү- лүштөр бар |
|  |  | Кара-Суу району |  |  |  |  |  |  |  |
| 16 | 2 | Муян ички чарбалык каналынын авариялык- калыбына келтирүүчү жумуштары | 229 | 50 |  | 3,00 | 900,0 | ка- наат- танды- рарлык эмес | инфра- түзү- лүштөр бар |
| 17 | 3 | Кыргызстан айылындагы көпүрөнүн авариялык- калыбына келтирүүчү жумуштары | 130 | 300 |  | 1 көпүрө | 420,0 | ка- наат- танды- рарлык эмес |  |
|  |  | Алай району |  |  |  |  |  |  |  |
| 18 | 4 | Кызыл- Булак, Кердегей айылда- рындагы коргоочу дамбалар- дын авариялык- калыбына келтирүүчү жумуштары | 14 |  |  | 0,261 | 1128,2 | ка- наат- танды- рарлык эмес |  |
|  |  | Өзгөн району |  |  |  |  |  |  |  |
| 19 | 5 | Шамал- Терек айылынын Чатыр- Колот участка- сындагы коргоочу дамбалар- дын авариялык- калыбына келтирүүчү жумуштары | 45 | 20 |  | 0,200 | 2700,0 | ка- наат- танды- рарлык эмес |  |
|  |  | Ноокат району |  |  |  |  |  |  |  |
| 20 | 6 | Ак-Чабуу айылындагы сел өткөргүч курулма- ларды авариялык- калыбына келтирүүчү жумуштары | 416 | 234 |  | 115 пм труба | 850,0 | ка- наат- танды- рарлык эмес |  |
| 21 | 7 | Кызыл участка- сындагы сел өткөргүч курулма- ларды авариялык- калыбына келтирүүчү жумуштары | 128 | 28 |  |  | 400,0 | ка- наат- танды- рарлык эмес |  |
|  |  | Кара-Кулжа району |  |  |  |  |  |  |  |
| 22 | 8 | Ак-Кыя айылындагы көпүрөнүн авариялык- калыбына келтирүүчү жумуштары | 200 |  |  | 1 көпүрө | 920,0 | ка- наат- танды- рарлык эмес |  |
|  |  | Баткен облусу | 227 |  |  | 0,870 | 8501,224 | \- |  |
|  |  | Кызыл-Кыя шаары |  |  |  |  |  |  |  |
| 23 | 9 | Сел жүрүүчү Курук сайдын авариялык- калыбына келтирүүчү жумуштары | 30 |  |  | 0,3 | 3053,135 | ка- наат- танды- рарлык эмес |  |
|  |  | Кадамжай району |  |  |  |  |  |  |  |
| 24 | 10 | Орозбеков айылы, Учкун участка- сындагы коргоочу дамбаны авариялык- калыбына келтирүүчү жумуштары | 152 |  |  | 0,35 | 3528,689 | ка- наат- танды- рарлык эмес |  |
|  |  | Лейлек району |  |  |  |  |  |  |  |
| 25 | 11 | Андархам айылындагы Кожобакыр- ган суусундагы авариялык- калыбына келтирүүчү жумуштары | 45 |  |  | 0,22 | 1919,4 | ка- наат- танды- рарлык эмес |  |
|  |  | Жалал-Абад облусу |  |  |  | 0,88 | 17281,14 |  |  |
|  |  | Базар- Коргон району |  |  |  |  |  |  |  |
| 26 | 12 | Чкалов айылындагы Караүңкүр- сай суусундагы көпүрөнү коргоо боюнча авариялык- калыбына келтирүүчү жумуштары |  | 1 кө- пүрө |  | 0,25 | 6122,255 | ка- наат- танды- рарлык эмес | инфра- түзү- лүштөр бар |
|  |  | Сузак району |  |  |  |  |  |  |  |
| 27 | 13 | Барпы атындагы айыл өкмөтүнүн Чаңгетсай суусуна турак үйлөрдү коргоо боюнча авариялык- калыбына келтирүүчү жумуштары |  |  |  | 0,5 | 1250,985 | ка- наат- танды- рарлык эмес |  |
|  |  | Ноокен району |  |  |  |  |  |  |  |
| 28 | 14 | Бүргөндү айыл өкмөтүнүн Кызылкыя участка- сындагы көпүрөнү авариялык- калыбына келтирүүчү жумуштары |  |  |  | 1 көпүрө | 6200,0 | ка- наат- танды- рарлык эмес | инфра- түзү- лүштөр бар |
|  |  | Таш-Көмүр шаары |  |  |  |  |  |  |  |
| 29 | 15 | Таш-Көмүр шаарындагы Чыныбаев көчөсү боюнча авариялык- калыбына келтирүүчү жумуштары |  |  |  | 0,13 | 3707,9 | ка- наат- танды- рарлык эмес |  |

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр Н.Айтмурзаев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы № 224 буйругуна № 2 тиркеме

Кыргыз Республикасынын жана Казакстан

Республикасынын аймагындагы Чүй суусунун

булгануу жана жугуштуу оорулардын таралуу

коркунучун четтетүүчү объектилердин курулушуна

жана долбоорлоо-изилдөө иштерине сарптоолордун

ТИЗМЕСИ

|  | Объектилердин аталышы | Узундугу ├───────┬───────────────────┤ түү ├───────┼────────┬──────────┤ | Болжолдуу наркы, миң сом Бардыгы | Эскер- Анын ичинен Долбоор- лоо сметалык докумен- тация | Курулуш- монтаждоо жумуштары |  |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- |
| 1 | Аламүдүн районунун Лубяное айылындагы көрүстөндүн аймагында жугуштуу оорулардын таралышын жана Чүй дарыясынын алабынын булгануусун болтурбоо боюнча иш-чаралар | 250 метр | 6600 | 670 | 5930 |  |
| 2 | Аламүдүн районунда Бишкек-Алматы автожолундагы автожол көпүрөсүнүн аймагында жайгашкан жасалма көлмө-тундурмасын агын суунун жарып кетишин болтурбоо боюнча иш-чаралар | 150 метр | 3350 | 350 | 3000 |  |
|  | Бардыгы | 200 метр | 9950 | 1020 | 8930 |  |

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр Н.Айтмурзаев
