Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын инвестициялык климатын жакшыртуу программасын башкаруу боюнча Байкоочу комитет жана Жумушчу топ түзүлүшү боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 15-майы № 218-б "Бишкек шаарында 2008-жылдын 24-ноябрында кол коюлган "Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Инвестициялык климатты жакшыртуу программасы жөнүндө" жана "Инвестициялык климатты жакшыртуу программасын колдоочу көмөкчү долбоорлор жөнүндө" Гранттык макулдашууларды ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасынын инвестициялык климатын жакшыртуу программасына ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын инвестициялык климатын жакшыртуу программасын башкаруу боюнча Байкоочу комитет жана Жумушчу топ (мындан ары - Байкоочу комитет жана Жумушчу топ) № 1 жана № 2 тиркемелерге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын инвестициялык климатын жакшыртуу программасын башкаруу боюнча Байкоочу комитет жана Жумушчу топ жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.
3. Байкоочу комитеттин жана Жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методологиялык жана башка камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигине жүктөлсүн.
4. Бул буйрук кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-майындагы № 218-б буйругуна № 1 тиркеме
Кыргыз Республикасынын инвестициялык климатын жакшыртуу
программасын башкаруу боюнча Байкоочу комитеттин
КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри, Байкоочу комитеттин төрагасы.
Байкоочу комитеттин мүчөлөрү:
Кыргыз республикасынын Улуттук банкынын төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын юстиция министри; Кыргыз Республикасынын финансы министри; Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасы; Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын социалдык жана экономикалык саясат бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Инвестициялык кеңештин Секретариатынын башчысы (макулдашуу боюнча).
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр Н.Айтмурзаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-майындагы № 218-б буйругуна № 2 тиркеме
Кыргыз Республикасынын инвестициялык климатын жакшыртуу
программасын башкаруу боюнча Жумушчу топтун
КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министринин орун басары, Жумушчу тобунун төрагасы.
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); Эл аралык Ишкердик кеңештин директору (макулдашуу боюнча).
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр Н.Айтмурзаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.