# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-майы № 195-б (Автомашинаны өткөрүп берүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-майы № 195-б (Автомашинаны өткөрүп берүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 195-р
- Кабыл алынган күнү: 06.05.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.05.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207748>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-8115/edition/515947/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207748.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.05.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-майы № 195-б (Автомашинаны өткөрүп берүү боюнча) буйругу (06.05.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207748

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 6-майы № 195-б "Кыргыз Республикасынын министрликтеринде, мамлекеттик комитеттеринде, администрациялык ведомстволорунда жана аткаруу бийлигинин башка органдарында кызматтык жеңил автомашиналарды пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-апрелиндеги № 137 токтомуна ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги:

- Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин Түндүк региондор аралык башкармалыгынын балансына 2002-жылы чыккан, кузову "жеңил универсал", кыймылдаткыч № 7019730, шасси № ХТА 21213021649642 "ВАЗ 2121" маркасындагы автомашинаны белгиленген тартипте өткөрүп берсин;

- Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин Түндүк региондор аралык башкармалыгы тарабынан 1999-жылы чыккан, кузов № JN1CA21D2ХТ153480, кыймылдаткыч № VQ30976663 "Ниссан-Максима" маркасындагы автомашинаны Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин балансына белгиленген тартипте өткөрүп берилишин камсыз кылсын.

2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
