# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-апрелиндеги № 194-б ("Кыргыз Республикасында Ош-Баткен-Исфана жолун реабилитациялоо" долбоору боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-апрелиндеги № 194-б ("Кыргыз Республикасында Ош-Баткен-Исфана жолун реабилитациялоо" долбоору боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 194-р
- Кабыл алынган күнү: 30.04.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.04.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207747>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-8114/edition/515945/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207747.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.04.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-апрелиндеги № 194-б ("Кыргыз Республикасында Ош-Баткен-Исфана жолун реабилитациялоо" долбоору боюнча) буйругу (30.04.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207747

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 30-апрели № 194-б "Кыргыз Республикасында Ош-Баткен-Исфана жолун реабилитациялоо" долбоорунун артыкчылыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 11-майындагы № 58 Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 16-майындагы № 249 Жарлыгы менен бекитилген 2007-2010-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү Стратегиясынын 76 жана 81-пункттарына ылайык, Ош-Баткен-Исфана автожолунун артыкчылыктуу участокторун курууга эл аралык инвестицияларды тартуу максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Ош-Баткен-Исфана автомобиль жолун реабилитациялоо долбоору боюнча гранттык элементти эсептөөдө бул долбоорго тартылган бардык инвестицияларды эсепке алсын.

2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Ош-Баткен-Исфана автомобиль жолун реабилитациялоо долбоорунун алкагында, консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү жана курулуш жумуштарын аткарууну сатып алууларды ар бир донор банк менен түзүлгөн Макулдашууда каралган жол-жоболорго ылайык ишке ашырышсын.

Премьер-министр

И.Чудинов
