# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-апрелиндеги № 188-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-мартындагы № 107-б буйругуна толуктоолор киргизүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-апрелиндеги № 188-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-мартындагы № 107-б буйругуна толуктоолор киргизүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 188-р
- Кабыл алынган күнү: 29.04.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207742>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-8109/edition/515513/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207742.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-апрелиндеги № 188-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-мартындагы № 107-б буйругуна толуктоолор киргизүү боюнча) буйругу (29.04.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207742

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 29-апрелинин № 188-б "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 2-пунктуна ылайык жана атайын арналыштагы объекттерди долбоорлоодо жана курууда мамлекеттик коопсуздукту камсыздоо максатында: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-мартындагы № 107-б буйругуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин: 1-пунктта:

- биринчи абзац "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын "Курулуш, инвестициялар жана соода башкармалыгы" мамлекеттик ишканасы оңдоо-курулуш иштерин аткарууда" деген сөздөрдөн кийин", ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын "Кыргызкурулушсервис" мамлекеттик ишканасы курулуш-монтаждоо, оңдоо-курулуш иштерин жана объекттерди реконструкциялоону аткарууда" деген сөздөр менен толукталсын.

- төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи жана сегизинчи абзацтар менен толукталсын:

"- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылындагы мейманкана-иш комплекси;

- "Манас айылы" маданий-этнографиялык комплексинин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын "Ысык-Көл" мейманкана-соода комплексинин аймагындагы администрациялык имараттардын комплекси.".

Премьер-министр

И.Чудинов
