КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругуна толуктоолор киргизүү боюнча) буйругу
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 29-апрелинин № 188-б "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 2-пунктуна ылайык жана атайын арналыштагы объекттерди долбоорлоодо жана курууда мамлекеттик коопсуздукту камсыздоо максатында: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-мартындагы № 107-б буйругуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин: 1-пунктта:
- биринчи абзац "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын "Курулуш, инвестициялар жана соода башкармалыгы" мамлекеттик ишканасы оңдоо-курулуш иштерин аткарууда" деген сөздөрдөн кийин", ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын "Кыргызкурулушсервис" мамлекеттик ишканасы курулуш-монтаждоо, оңдоо-курулуш иштерин жана объекттерди реконструкциялоону аткарууда" деген сөздөр менен толукталсын.
- төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи жана сегизинчи абзацтар менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылындагы мейманкана-иш комплекси;
- "Манас айылы" маданий-этнографиялык комплексинин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын "Ысык-Көл" мейманкана-соода комплексинин аймагындагы администрациялык имараттардын комплекси.".
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-марты № 107-б (Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын "Курулуш, инвестициялар жана соода башкармалыгы" мамлекеттик ишканасы…Распоряжение · 28.03.2008 · № 107-р
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 24.05.2004 · № 69 · Күчүн жоготкон