# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 23-апрелиндеги № 177-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча координациялык кеңештин курамы бекитүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 23-апрелиндеги № 177-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча координациялык кеңештин курамы бекитүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 177-р
- Кабыл алынган күнү: 23.04.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.07.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207732>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-8099/edition/565740/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207732.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 23-апрелиндеги № 177-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча координациялык кеңештин курамы бекитүү боюнча) буйругу (25.07.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207732

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 23-апрели № 177-б (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 25-июлундагы № 291-б буйругунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 22-июлундагы № 451 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча координациялык кеңештин курамы жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жобонун 2-пунктуна ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча координациялык кеңештин (мындан ары - Координациялык кеңеш) төмөндөгү курамы бекитилсин:

Кыргыз Республикасынын экономика жана инвестициялар маселесин тейлеген вице-премьер-министри, Координациялык кеңештин төрагасы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары. Координациялык кеңештин мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы; Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары; Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы; Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин статс-катчысы; Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары - мамлекеттик башкы санитардык врач; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы Отун энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаменттин директору; Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекциянын директору; Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча коомдук бирикмелердин конфедерациясы башкармалыгынын төрагасы (макулдашуу боюнча); "Юстин" керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча коомдук бирикменин төрагасы (макулдашуу боюнча); Калкты социалдык коргоонун коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча); "ВИГЕНС" керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча борбордун президенти (макулдашуу боюнча). (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 25-июлундагы № 291-б буйругунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине Координациялык кеңештин катчылыгынын милдеттери жүктөлсүн.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 25-июлундагы № 291-б буйругунун редакциясына ылайык)

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 27-октябрындагы № 656-б буйругу; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы № 363-б буйругу.

4. Бул буйрук кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
