Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча координациялык кеңештин курамы бекитүү боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 23-апрели № 177-б (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 25-июлундагы № 291-б буйругунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 22-июлундагы № 451 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча координациялык кеңештин курамы жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жобонун 2-пунктуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча координациялык кеңештин (мындан ары - Координациялык кеңеш) төмөндөгү курамы бекитилсин:
Кыргыз Республикасынын экономика жана инвестициялар маселесин тейлеген вице-премьер-министри, Координациялык кеңештин төрагасы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары. Координациялык кеңештин мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы; Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары; Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы; Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин статс-катчысы; Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары - мамлекеттик башкы санитардык врач; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы Отун энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаменттин директору; Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекциянын директору; Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча коомдук бирикмелердин конфедерациясы башкармалыгынын төрагасы (макулдашуу боюнча); "Юстин" керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча коомдук бирикменин төрагасы (макулдашуу боюнча); Калкты социалдык коргоонун коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча); "ВИГЕНС" керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча борбордун президенти (макулдашуу боюнча). (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 25-июлундагы № 291-б буйругунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине Координациялык кеңештин катчылыгынын милдеттери жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 25-июлундагы № 291-б буйругунун редакциясына ылайык)
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 27-октябрындагы № 656-б буйругу; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы № 363-б буйругу.
4. Бул буйрук кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Өмөтүнүн 2003-жылдын 27-октябрындагы № 656-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча координациялык кеңештин…Распоряжение · 27.10.2003 · № 656
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 25-июлундагы № 291-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 23-апрелиндеги № 177-б буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу) буйругуРаспоряжение · 25.07.2014 · № 291-р
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы № 363-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 27-октябрындагы № 656-б буйругуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор…Распоряжение · 13.08.2005 · № 363
- Распоряжение ПКР от 25 июля 2014 года № 291-рРаспоряжение · 25.07.2014 · № 291-р
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Өмөтүнүн 2003-жылдын 27-октябрындагы № 656-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча координациялык кеңештин…Распоряжение · 27.10.2003 · № 656
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы № 363-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 27-октябрындагы № 656-б буйругуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор…Распоряжение · 13.08.2005 · № 363
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 22-июлундагы N 451 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча координациялык кеңеш жөнүндө"…Постановление · 22.07.2003 · № 451 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Положение о Координационном совете по защите прав потребителей при Правительстве Кыргызской Республики (Утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики от 22 июля…Положение · 22.07.2003 · № 451 · Күчүн жоготкон