# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-апрелиндеги № 175-б (Ведомстволор аралык комиссия түзүлүшү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-апрелиндеги № 175-б (Ведомстволор аралык комиссия түзүлүшү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 175-р
- Кабыл алынган күнү: 22.04.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.02.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207730>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-8097/edition/519911/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207730.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.02.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-апрелиндеги № 175-б (Ведомстволор аралык комиссия түзүлүшү боюнча) буйругу (11.02.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207730

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 22-апрели № 175-б

(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы № 118-р буйругунун, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесинин редакцияларына ылайык)

Баткен облусунда жашоочу аз камсыз болгон жана социалдык жактан корголбогон үй-бүлөлөрдү Кытай радио жана телекөрсөтүүсүнүн Эл аралык экономикалык жана техникалык кызматташтык боюнча компаниясы тарабынан гранттык негизде Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине берилүүчү телекөрсөтүү программаларын кабыл алуу үчүн санариптик ресиверлер менен камсыздоо максатында:

1. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги:

- Кытай Эл Республикасынан Кыргыз Республикасынын Баткен облусуна 20000 (жыйырма миң) санариптик ресиверлерди алууну, ташып келүүнү жана жеткирүүнү камсыз кылсын;

- белгиленген тартипте гранттык ресиверлерди ведомстволор аралык комиссияга аларды андан ары Баткен облусунун аз камсыз болгон жана социалдык жактан корголбогон үй-бүлөлөрүнө бөлүштүрүү үчүн өткөрүп берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун мамлекеттик администрациясы аз камсыз болгон жана социалдык жактан корголбогон, ошондой эле жеңилдик берилген категориядагы үй-бүлөлөрдүн тизмесин түзсүн жана бекитсин.

4. Ведомстволор аралык комиссия Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун мамлекеттик администрациясы бекиткен тизмеге ылайык ресиверлерди берүүнү ишке ашырсын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

И.Чудинов
