# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-апрелиндеги № 168-б (Кыргыз Республикасынын иштетүүгө конкурстарды, тикелей сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү жана лицензияларды берүүнү токтотуу боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-апрелиндеги № 168-б (Кыргыз Республикасынын иштетүүгө конкурстарды, тикелей сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү жана лицензияларды берүүнү токтотуу боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 168-р
- Кабыл алынган күнү: 18.04.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.04.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207725>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-8092/edition/515479/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207725.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.04.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-апрелиндеги № 168-б (Кыргыз Республикасынын иштетүүгө конкурстарды, тикелей сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү жана лицензияларды берүүнү токтотуу боюнча) буйругу (18.04.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207725

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 18-апрели № 168-б "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жол магистралынын кыргыз участогун курууга инвестицияларды табигый ресурстардын ордуна тартуу максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик:

- Кыргыз Республикасынын төмөнкү пайдалуу кендерин иштетүүгө конкурстарды, тикелей сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү жана лицензияларды берүүнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тиешелүү чечим кабыл алганга чейин токтотсун:

Жалал-Абад облусунда жайгашкан "Тереккан" алтын кенин; Жалал-Абад облусунда жайгашкан "Перевальное" алтын кенин; Нарын облусунда жайгашкан "Сандык" нефелин сиенит кенинин "Чечекти" участогун; Нарын облусунда жайгашкан "Жетим" темир кенинин "Дангы" участогун;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 1-августундагы № 305 "Алтын кендеринин Терексай тобун өздөштүрүүнү тездетүү жөнүндө" токтомун күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.

2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
