Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн («Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жол магистралын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Правительства КР от 19 января 2010 года № 16-р (О реализации проекта строительства железнодорожной магистрали "Китай-Кыргызстан-Узбекистан" на территории Кыргызской Республики)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2010-01-19.
КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-январындагы № 16-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 13-апрели № 157-б Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 132 "Кыргыз Республикасында магистралдык темир жолдорду куруунун уюштуруу маселелери жөнүндө" Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-майындагы № 203 "Кыргыз Республикасында магистралдык темир жолдорду куруунун уюштуруу маселелери жөнүндө" токтомуна ылайык, "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жол магистралын куруу долбоорун ишке ашыруу максатында:
1. "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасына Кыргыз Республикасынын аймагында "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жол магистралын куруу долбоорун ишке ашыруу жүктөлсүн.
2. "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жол магистралын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча кытай жана өзбек тараптар менен сүйлөшүү процесстери "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрүнүн милдеттүү катышуусу менен жүргүзүлөөрү белгиленсин.
3. Кыргыз жана өзбек тараптар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, ошондой эле "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жол магистралын куруу долбоорун ишке ашыруу максатында биргелешкен изилдөөлөрдү, долбоор алдындагы жана/же долбоордук иштерди жүргүзүү үчүн төмөнкүдөй курамда кыргыз эксперттик тобу (мындан ары - Эксперттик топ) түзүлсүн:
"Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын башкы директору, Эксперттик топтун жетекчиси, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары, Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министринин орун басары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары, "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын Магистралдык темир жолдорду долбоорлоо жана куруу башкармалыгынын начальниги, "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын Магистралдык темир жолдорду долбоорлоо жана куруу башкармалыгынын долбоорлоо бөлүмүнүн башчысы, "Трансдолбоор" ТОО долбоорунун башкы инженери (макулдашуу боюнча).
4. Эксперттик топтун иштерин координациялоо боюнча комиссия төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, комиссиянын төрагасы, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри, Кыргыз Республикасынын финансы министри, Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын башкы директору.
5. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери, администрациялык ведомстволору, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик ишканалары жана уюмдары Эксперттик топтун суроо-талабы боюнча белгиленген тартипте зарыл маалыматтарды беришсин жана Эксперттик топтун иш процессинде пайда болгон маселелерди чечүү үчүн эксперттерди жана адистерди жиберишсин.
6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 1-мартындагы № 99-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 1-мартындагы № 100-б буйругу;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 18-сентябрындагы № 528-б буйругу.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-январындагы № 16-б ( "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасына Кыргыз Республикасынын аймагында "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан"…Распоряжение · 19.01.2010 · № 16-р · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 1-мартындагы № 99-б буйругуРаспоряжение · 01.03.2006 · № 99
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 1-мартындагы № 100-б буйругуРаспоряжение · 01.03.2006 · № 100
- КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 18-сентябрындагы №528-б буйругуРаспоряжение · 18.09.2006 · № 528
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 14-апрелиндеги №132 "Кыргыз Республикасында магистралдык темиржолдорду куруунун уюштуруу маселелери жөнүндө"жарлыгыУказ · 14.04.2008 · № 132 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 2 мая 2008 года № 203 "Об организационных вопросах строительства магистральных железных дорог в Кыргызской Республике"Постановление · 02.05.2008 · № 203 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-январындагы № 16-б ( "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасына Кыргыз Республикасынын аймагында "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан"…Распоряжение · 19.01.2010 · № 16-р · Күчүн жоготкон