# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-апрелиндеги № 155-б (Имараттарды алмаштыруу боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-апрелиндеги № 155-б (Имараттарды алмаштыруу боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 155-р
- Кабыл алынган күнү: 10.04.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.04.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207715>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-8082/edition/514957/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207715.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.04.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-апрелиндеги № 155-б (Имараттарды алмаштыруу боюнча) буйругу (10.04.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207715

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 10-апрели № 155-б Мамлекеттик административдик имараттарды натыйжалуу пайдалануу максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети:

- белгиленген тартипте Бишкек шаары, Киев көөчөсү, 74 дареги боюнча жайгашкан, жанаша жер участогу бар мамлекеттик имаратты жеке менчик укугунда жаран А.В.Кимге таандык, Чолпон-Ата шаары, Совет көчөсү, 61 дареги боюнча жайгашкан жанаша жер участогу бар имаратка алмаштырууну жүргүзсүн;

- "Ысык-Көл" биосфера аймагынын башкы дирекциясынын Экологиялык маалымат борборун жайгаштыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына Чолпон-Ата шаары, Совет көчөсү, 61 дареги боюнча жайгашкан имаратты өткөрүп берсин;

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 12-майындагы № 284-б жана 2004-жылдын 8-июлундагы № 430-б буйруктары күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
