# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1-апрелиндеги № 141-б (Атайын кыргыз-малайзия биргелешкен комиссиясынын кыргыз бөлүгү бекитүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1-апрелиндеги № 141-б (Атайын кыргыз-малайзия биргелешкен комиссиясынын кыргыз бөлүгү бекитүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 141-р
- Кабыл алынган күнү: 01.04.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.04.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207703>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-8070/edition/516747/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207703.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.04.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1-апрелиндеги № 141-б (Атайын кыргыз-малайзия биргелешкен комиссиясынын кыргыз бөлүгү бекитүү боюнча) буйругу (01.04.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207703

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 1-апрели № 141-б Бишкек шаарында (Кыргыз Республикасы) 2009-жылдын 22-23-апрелинде болуучу атайын кыргыз-малайзия биргелешкен комиссиясынын алтынчы заседаниесине катышуу үчүн:

1. Атайын кыргыз-малайзия биргелешкен комиссиясынын кыргыз бөлүгү төмөнкүдөй курамда бекитилсин:

Турдумамбетов Турсун Осмоналиевич - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы, комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы, Тургунбаева Асел Абдыракмановна - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин тышкы экономикалык саясат башкармалыгынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы, комиссиянын катчысы, Асанова Гүлбарчын Пармановна - Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министринин орун басары, Абдыбалы тегин Сүйөркул -Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча), Апасова Римма Тунгучбаевна - Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын тышкы-экономикалык байланыштар бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча), Азаров Александр Петрович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин инвестициялык жана тышкы экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн начальниги, Асанов Салмоор Жусупович - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин финансы-экономикалык талдоо жана ички аудит бөлүмүнүн начальниги, Абылкасымова Назира Акылбековна - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чыгыш өлкөлөрү департаментинин атташеси, Борбиева Самаргүл Эркиновна - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чыгыш өлкөлөрү департаментинин директору, Жаманкулов Анаркан Самарович - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын маалыматтык камсыздоо жана мамлекеттик реестрлер башкармалыгынын начальниги (макулдашуу боюнча), Дүйшеев Талайбек Самтыевич - Кыргыз Республикасынын Улуттук стандарттар жана метрология институтунун директорунун орун басары (макулдашуу боюнча), Жолдошбай уулу Бакыт - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары, Кадыров Радмил Жаныбекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы байланыштар бөлүмүнүн референти, Кулубаев Жээнбек Молдоканович - Кыргыз Республикасынын Малайзия Федерациясындагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси, Каратаев Мадамин Мусаевич - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары, Курманбеков Темирбек Барыктабасович - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин транспорт башкармалыгынын начальниги, Касыкенов Жаныбек Касыкенович - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары, Кубаев Борис Хамидович - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары, Миңбаева Жамал Жуматаевна - Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары, Орозалиев Руслан Султанович - Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы, Примов Алмазбек Абдыакимович - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекетгик комитетинин төрагасынын орун басары, Садыков Адыл Алыбекович - Кыргызстандын Ишкерлер союзунун аткаруучу директорунун орун басары (макулдашуу боюнча), Чолпонкулов Таалайбек Аскарбекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы, Черный Илья Анатольевич - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын кеңешчиси, Шамшиев Абдухалык Абдулхаевич - Кыргыз Республикасынын Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматынын аткаруу кеңешинин мүчөсү (макулдашуу боюнча).

2. Атайын кыргыз-малайзия биргелешкен комиссиясынын кыргыз бөлүгү өз ишинде «Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгы боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 20-мартындагы № 95 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгы боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө жобону жетекчиликке алаары белгиленсин.

Премьер-министр

И.Чудинов
