Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги раундуна катышуу үчүн Өкмөттүк делегациясын жиберүү боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 11-ноябры № 639-б Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги раундуна катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясы 2009-жылдын 15-21-ноябрында Дүйшөмбү шаарына (Тажикстан Республикасы) тиркемеге ылайык курамда жиберилсин.
2. Делегация мүчөлөрүнүн барышына байланыштуу чыгымдар чектеш өлкөлөр менен мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоого бөлүнгөн каражаттардын жана "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 токтомуна ылайык белгиленген тартипте командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр
Д. Үсөнов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-ноябрындзгы № 639-б буйругуна тиркеме
Кыргыз Республикасы менен Тажикстан
Республикасынын ортосунда мамлекеттик
чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо
боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги раундуна
катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын
Өкмөттүк делегациясынын
КУРАМЫ
Аламанов С.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкмөттүн чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн региондук проблемалар секторунун башчысы, делегациянын жетекчиси; Искандаров К.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкмөттүн чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн региондук проблемалар секторунун эксперти; Касмалиев А.К. - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин "Кыргызгипрозем" мамлекеттик долбоорлоо институтунун директору; Цурков В.Е. - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын директору; Миңбаев А.А. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тышкы иштер министрлигинин делимитациялоо тобунун биринчи секретары; Сүйөркулов З.К. - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын директорунун орун басары; Касымов Ч.К. - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин "Кыргызгипрозем" мамлекеттик долбоорлоо институтунун директору; Келдибаев Ж.Ж. - Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары; Кулуев А.Р. - Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары; Юсупов Б.А. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тышкы иштер министрлигинин түштүк регион боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү; Бөрүбаев Н.Н. - Кыймылсыз мүлк жана жер ресурстары боюнча Баткен облустук зоналык борборунун директору; Ботобаев К.К. - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин "Кыргызгипрозем" мамлекеттик долбоорлоо институтунун түштүк регион боюнча мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо бөлүмүнүн начальниги; Санников В.П. - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин Мамлекеттик картография-геодезиялык кызматынын мамлекеттик чек араны демаркациялоо жана делимитациялоо боюнча бөлүмүнүн жетектөөчү адиси; Жалилов А.Ж. - жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Лейлек райондук башкармалыгынын начальниги; Бегматаев А. - жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Чоң-Алай райондук башкармалыгынын начальниги.
Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри - Өкмөттүн Аппарат жетекчиси
А.Карашев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы №471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомуПостановление · 26.08.2008 · № 471 · Күчүн жоготкон