# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-ноябрындагы № 633-б (Ведомстволор аралык жоюу комиссиясы түзүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-ноябрындагы № 633-б (Ведомстволор аралык жоюу комиссиясы түзүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 633-р
- Кабыл алынган күнү: 06.11.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207688>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-8055/edition/547647/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207688.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-ноябрындагы № 633-б (Ведомстволор аралык жоюу комиссиясы түзүү боюнча) буйругу (06.11.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207688

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 6-ноябры № 633-б Кыргыз Республикасынын Президентинин "2009-жылдын 26-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча иш-чаралар тууралуу" Жарлыгынын 7-пунктунун "б" пунктчасын ишке ашыруу максатында:

1. Төмөнкүдөй курамда ведомстволор аралык жоюу комиссиясы түзүлсүн:

Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары, комиссиянын төрагасы.

Комиссия мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардамдарды уюштуруу башкармалыгынын начальнигинин орун басары; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин Мүлктүк мамилелер департаментинин директорунун орун басары; Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук агенттигинин штабынын начальниги; Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук агенттигинин финансы-чарба башкармалыгынын начальниги; Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин финансы-чарба башкармалыгынын начальниги; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын "Н" башкармалыгынын начальнигинин орун басары; Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик аппараттарды каржылоо саясаты башкармалыгынын башкы адиси.

2. Ведомстволор аралык жоюу комиссиясы бир айлык мөөнөттө төмөнкүлөрдү жүргүзсүн:

- Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук агенттигинин мүлкүн эсепке алууну жана баалоону;

- Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук агенттигинин финансылык, материалдык баалуулуктарын инвентаризациялоо жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине тийиштүү багыттар боюнча өткөрүп берүү боюнча зарыл иш-чараларды;

- Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук агенттигинин балансында турган имараттарды, материалдык-техникалык базаны кабыл алуу-өткөрүп берүүнү.

3. Ведомстволор аралык комиссияга белгиленген тартипте төмөнкү укуктар берилсин:

- комиссиянын ишине эксперттерди, консультанттарды жана адистерди тартуу;

- зарыл учурда мамлекеттик органдардан материалдарды сурап алуу.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын ички иштер министрине жүктөлсүн.

Премьер-министр

Д. Үсөнов
