Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Ведомстволор аралык жоюу комиссиясы түзүү боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 6-ноябры № 633-б Кыргыз Республикасынын Президентинин "2009-жылдын 26-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча иш-чаралар тууралуу" Жарлыгынын 7-пунктунун "б" пунктчасын ишке ашыруу максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда ведомстволор аралык жоюу комиссиясы түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары, комиссиянын төрагасы.
Комиссия мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардамдарды уюштуруу башкармалыгынын начальнигинин орун басары; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин Мүлктүк мамилелер департаментинин директорунун орун басары; Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук агенттигинин штабынын начальниги; Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук агенттигинин финансы-чарба башкармалыгынын начальниги; Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин финансы-чарба башкармалыгынын начальниги; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын "Н" башкармалыгынын начальнигинин орун басары; Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик аппараттарды каржылоо саясаты башкармалыгынын башкы адиси.
2. Ведомстволор аралык жоюу комиссиясы бир айлык мөөнөттө төмөнкүлөрдү жүргүзсүн:
- Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук агенттигинин мүлкүн эсепке алууну жана баалоону;
- Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук агенттигинин финансылык, материалдык баалуулуктарын инвентаризациялоо жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине тийиштүү багыттар боюнча өткөрүп берүү боюнча зарыл иш-чараларды;
- Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук агенттигинин балансында турган имараттарды, материалдык-техникалык базаны кабыл алуу-өткөрүп берүүнү.
3. Ведомстволор аралык комиссияга белгиленген тартипте төмөнкү укуктар берилсин:
- комиссиянын ишине эксперттерди, консультанттарды жана адистерди тартуу;
- зарыл учурда мамлекеттик органдардан материалдарды сурап алуу.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын ички иштер министрине жүктөлсүн.
Премьер-министр
Д. Үсөнов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндөЗакон · 22.10.2009 · № 283 · Күчүн жоготкон