# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-октябрындагы № 615-б (Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-октябрындагы № 615-б (Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 615-р
- Кабыл алынган күнү: 19.10.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.10.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207672>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-8039/edition/515801/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207672.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.10.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-октябрындагы № 615-б (Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө) буйругу (19.10.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207672

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 19-октябры № 615-б Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 25-беренесине жана "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык мамлекеттик имараттарды жана жайларды пайдалануу укуктарын каттоону камсыз кылуу максатында:

1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, мамлекеттик мекемелер жана мамлекеттик ишканалар, ошондой эле алардын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрү белгиленген тартипте:

- 2010-жылдын 1-январына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин жергиликтүү каттоо органдарында аларга оперативдүү башкаруу же чарба жүргүзүүгө берилген мамлекеттик имараттарды жана жайларды тийиштүүлүгүнө жараша оперативдүү башкаруу укугун жана чарба жүргүзүү укугун каттоону жүзөгө ашырсын;

- 2010-жылдын 1-февралына чейин оперативдүү башкаруу жана чарба жүргүзүү укугун каттоо жүзөгө ашырылгандыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат берсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын ущул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик органдарына оперативдүү башкарууга жана чарба жүргүзүүгө берилген мамлекеттик имараттарга жана жайларга оперативдүү башкаруу укугун жана чарба жүргүзүү укугун каттоого жеңилдиктүү шарттарда көмөк көрсөтсүн.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
