Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Узак мөөнөттүү ипотекалык кредиттөөнүн механизмдерин жана Кыргыз Республикасынын тиешелүү нормативдик укуктук актыларын иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлүүсү тууралуу) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Правительства КР от 24 апреля 2012 года № 157-р (О создании рабочей группы)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-04-24.
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-апрелиндеги № 157-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 19-октябры № 614-б Узак мөөнөттүү ипотекалык кредиттөөнүн механизмдерин иштеп чыгуу максатында:
1. Узак мөөнөттүү ипотекалык кредиттөөнүн механизмдерин жана Кыргыз Республикасынын тиешелүү нормативдик укуктук актыларын иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ төмөнкү курамда түзүлсүн:
Абдыкадыров Э.М. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; Чыңгышов А.А. - Бишкек шаарынын капиталдык курулуш башкармалыгынын начальниги (макулдашуу боюнча); Такенов Б.Т. - Кыргыз Республикасынын Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматынын баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү бөлүмүнүн начальниги; Сыдыкбеков Н.М. - Сокулук райондук мамлекеттик администрациянын социалдык-экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы; Бердибаев Э.Э. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин капиталдык курулушту каржылоо башкармалыгынын башкы адиси; Бообекова У.Ш. - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын башкы адиси (макулдашуу боюнча); Асаналиев А.Т. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин инвестициялык саясат башкармалыгынын мамлекеттик жеке өнөктөштүк бөлүмүнүн жетектөөчү адиси.
2. Жумушчу топ эки айлык мөөнөттө узак мөөнөттүү ипотекалык кредиттөөнүн механизмдерин киргизүү жана ипотекалык кредиттөө системасын андан ары өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын планын бекитүү жөнүндө чечимдин долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топ коюлган милдеттерди ишке ашыруу үчүн зарыл учурларда республиканын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун адистерин ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-апрелиндеги № 157-б (Жумушчу топ түзүлүшү боюнча) буйругуРаспоряжение · 24.04.2012 · № 157-р · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-апрелиндеги № 157-б (Жумушчу топ түзүлүшү боюнча) буйругуРаспоряжение · 24.04.2012 · № 157-р · Күчүн жоготкон