# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-октябрындагы № 599-б ("Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы Чүй облусу, Токмок шаары, Жантаев көчөсү дарегиндеги курулуп бүтө элек беш кабаттуу, 40 квартиралуу турак үйдү белгиленген тартипте Чүй облусунун Токмок шаарынын мэриясынын балансына өткөрүп берүү боюнча)

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-октябрындагы № 599-б ("Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы Чүй облусу, Токмок шаары, Жантаев көчөсү дарегиндеги курулуп бүтө элек беш кабаттуу, 40 квартиралуу турак үйдү белгиленген тартипте Чүй облусунун Токмок шаарынын мэриясынын балансына өткөрүп берүү боюнча)
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 599-р
- Кабыл алынган күнү: 19.10.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.10.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207665>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-8032/edition/706752/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207665.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.10.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-октябрындагы № 599-б ("Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы Чүй облусу, Токмок шаары, Жантаев көчөсү дарегиндеги курулуп бүтө элек беш кабаттуу, 40 квартиралуу турак үйдү белгиленген тартипте Чүй облусунун Токмок шаарынын мэриясынын балансына өткөрүп берүү боюнча) (19.10.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207665

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 19-октябры № 599-б

1. "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы Чүй облусу, Токмок шаары, Жантаев көчөсү дарегиндеги курулуп бүтө элек беш кабаттуу, 40 квартиралуу турак үйдү белгиленген тартипте Чүй облусунун Токмок шаарынын мэриясынын балансына өткөрүп берсин.

2. Токмок шаарынын мэриясы курулуш бүткөндөн кийин "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасына аталган үйдөгү 4 (төрт) квартираны мурда сарптаган каражаттарынын эсебине чегерип акысыз өткөрүп берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети бул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн 40 квартиралуу турак үйдүн өткөрүп берилишин-кабыл алынышын белгиленген тартипте камсыздасын.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча бөлүмүнө тапшырылсын.

Премьер-министр

И.Чудинов
