# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 16-октябрындагы № 595-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 20-майындагы № 232-б буйругуна өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 16-октябрындагы № 595-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 20-майындагы № 232-б буйругуна өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 595-р
- Кабыл алынган күнү: 16.10.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.10.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207664>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-8031/edition/515712/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207664.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.10.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 16-октябрындагы № 595-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 20-майындагы № 232-б буйругуна өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу) буйругу (16.10.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207664

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 16-октябры № 595-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 20-майындагы № 232-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү бөлүп берсин:

- Тажикстан Республикасына - Кытай Эл Республикасынан келүүчү ундун көлөмүнөн 1-сорттогу 100 тонна унду;

- Афганстан Ислам Республикасына - Россия Федерациясынан келүүчү ундун көлөмүнөн 1-сорттогу 100 тонна унду."

- 7-пунктагы "2008-жылга" деген сөз жана цифралар "2008 жана 2009-жылдарга" деген сөздөргө жана цифраларга алмаштырылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 7.1-пункт менен толукталсын:

"7.1. "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы Афганстан Ислам Республикасына гуманитардык жүктү темир жол транспорту менен ташууну камсыз кылсын.".

Премьер-министр

И.Чудинов
