Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Финансылык каражатты мамлекеттик агенттикке которуусу тууралуу) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 8-октябры № 574-б
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коомунан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын эсебине түшкөн 310000 (үч жүз он миң) АКШ доллары суммасындагы финансылык каражатты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттикке которсун.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик:
- 310000 (үч жүз он миң) АКШ доллары суммасындагы финансылык каражатты Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 17-майындагы № 263 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1992-жылдын 21-июлундагы "Кыргыз Республикасында жаратылышты коргоонун жергиликтүү жана республикалык фонддору жөнүндө" Указына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасында жаратылышты коргоонун жана токой тармагын өнүктүрүүнүн жергиликтүү жана республикалык фонддорун түзүү жана каражаттарын пайдалануу жөнүндө жобого ылайык жумшасын;
- бөлүнгөн каражаттын пайдаланылышы жөнүндө квартал сайын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине маалымат берип турсун.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Указ Президента КР от 21 июля 1992 года №239 "О местных и республиканском фондах охраны природы в Республике Кыргызстан"Указ · 21.07.1992 · № 239 · Күчүн жоготкон