Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга даректүү материалдык жана социалдык колдоо көрсөтүү, Эл аралык майыптар күнүнө арналган иш-чараларды өткөрүү боюнча) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Правительства КР от 19 ноября 2010 года № 177-р (О проведении месячника милосердия и поддержки лиц с ограниченными возможностями здоровья "Мы - вместе!")» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2010-11-19.
КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-ноябрындагы № 177-р буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 8-октябры № 572-б (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-мартындагы № 103-б буйругунун) редакциясына ылайык
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга даректүү материалдык жана социалдык колдоо көрсөтүү, Эл аралык майыптар күнүнө арналган иш-чараларды өткөрүү максатында:
1. 2009-жылдын 3-ноябрынан 3-декабрына чейин ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо боюнча кайрымдуулук айлыгы өткөрүлсүн.
2. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо боюнча кайрымдуулук айлыгын жана Эл аралык майыптар күнүнө арналган иш-чараларды өткөрүү боюнча иш-чаралар планы;
- ар тараптуу системалуу түрдө колдоо көрсөтүү үчүн министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго жана аткаруу бийлигинин башка органдарына бекитилген интернат-үйлөрдүн, интернат-мектептердин тизмеси.
3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду (макулдашуу боюнча), ишканалар жана уюмдар майыптар үчүн интернат-үйлөргө жана Интернат-мектептерге жана согуштун, эмгектин, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн жана укук коргоо органдарынын ардагерлеринин уюмуна ар тараптуу колдоо көрсөтүшсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-мартындагы № 103-б буйругунун) редакциясына ылайык
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясына республиканын бардык региондорунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо боюнча кайрымдуулук айлыгын жана Эл аралык майыптар күнүнө даярдык көрүүнүн жана өткөрүүнүн жүрүшүн чагылдыруу сунушталсын.
5. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилери:
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо боюнча кайрымдуулук айлыгынын иш-чараларын өткөрүүнү камсыз кылышсын;
- 2009-жылдын 15-декабрына чейинки мөөнөттө аткарылган иштер жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигине беришсин.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттиги 2009-жылдын 25-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жалпыланган маалыматты берсин.
7. Бул буйрук жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
8. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2009-жылдын 8-октябрындагы № 572-б буйругу менен Бекитилген
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо боюнча
кайрымдуулук айлыгын жана Эл аралык майыптардын күнүнө
арналган иш-чараларды өткөрүү боюнча иш-чаралар
ПЛАНЫ
| № | Иш-чаралар | Аткаруу мөөнөтү | Аткаруучулар |
|---|---|---|---|
| 1. | Кыргыз Республикасынын Өк- мөтү тарабынан аныкталган тизме боюнча финансылык, материалдык жардам көрсөтүү менен ден соолугунун мүм- күнчүлүгү чектелген адамдар үчүн интернат-үйлөргө баруу | 2009-жыл ноябрь | Аткаруу бийлигинин мамле- кеттик органдары, жерги- ликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук уюмдар (макулдашуу боюнча), бизнес-жамааттар (макулда- шуу боюнча) |
| 2. | Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн ден соолук айлыгын өткөрүү (ди- агностикалык жана амбула- тордук дарыланууда акысыз медициналык жардам) | 2009-жыл ноябрь | Саламатсакмин, коомдук уюмдар (макулдашуу боюнча) |
| 3. | Акысыз медициналык консуль- тация көрсөтүү, ден соолу- гунун мүмкүнчүлүгү чектел- ген адамдарды медициналык тейлөө, дары-дармек менен камсыздоо жана диспансери- зация жүргүзүү уюмдарына дайыма контролду камсыздоо | Дайыма | Саламатсакмин, коомдук уюмдар (макулдашуу боюнча) |
| 4. | Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга акысыз кинофильмдерди, оюн-зоок- торду көрсөтүү, алар менен чыгармачыл интеллигенциянын концерттерин жана жолугушу- уларын өткөрүү. Интернат үйлөрдө жашаган ден соолу- гунун мүмкүнчүлүгү чектел- ген адамдарга акысыз му- зейлерге, көргөзмөлөргө ки- рүүнү уюштуруу | 2009-жыл ноябрь | Маданиятмаммин, жергиликт- үү өз алдынча башкаруу органдары |
| 5. | "Бул дүйнө кандай сонун", "Менин кичинекей досторум", "Мен жашаган үй", "Спорт жана мен" жана башка тема- ларда 18 жашка чейинки майып балдардын иштерин сыйлоо менен дил баяндар- дын, сүрөт жана кол өнөр чыгармачылыгынын сынактарын мектепке чейинки, мектеп жана мектептен тышкаркы ме- кемелерде өткөрүү жана андан ары жалпыга маалымдоо каражаттарында алардын мык- тыларын жарыялоо | 2009-жыл октябрь- ноябрь | Билиммин, Спортмамагентти- ги, Эмгексоцмин |
| 6. | Төмөнкүлөрдү уюштуруу жана өткөрүү: ден соолугунун мүмкүндүгү чектелген адам- дар жана кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусу ме- нен түрдүү чыгармачыл сынактарды (эстрада жана бард ырлары, бийлер, акын- дардын "Айтышы"); - заманбап моданын дефиле- син (өздөрү тиккен буюмдар- ды көрсөтүү); - көркөм искусство сынагын; - ден соолугунун мүмкүнчү- лүгү чектелген адамдардын ортосунда элдик-колдонмо искусствонун уздарынын көр- көм буюмдарынын жана жаса- ган буюмдарынын көргөз- мө-сатуусун; ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын иште- ринин көркөм көргөзмөлөрүн | 2009-жыл ноябрь | Маданиятмаммин, Эмгексоц- мин, Спортмамагенттиги, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коом- дук уюмдар (макулдашуу бо- юнча), бизнес-жамааттар (макулдашуу боюнча) |
| 7. | Төмөнкүлөрдү өткөрүү: - ден соолугунун мүмкүнчү- лүгү чектелген балдар жана жаштар арасында спорттук мелдешүүлөрдү; - ден соолугунун мүмкүнчү- лүгү чектелген адамдардын катышуусу менен шахмат тур- нирлерин | 2009-жыл ноябрь | Спортмамагенттиги, жерги- ликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук уюмдар (макулдашуу боюнча) |
| 8. | Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын кызык- чылыктарын жана проблемала- рын камтыган темаларда те- герек столдорду, конферен- цияларды уюштуруу | 2009-жыл ноябрь | Эмгексоцмин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган- дары, коомдук уюмдар (ма- кулдашуу боюнча), биз- нес-жамааттар (макулдашуу боюнча) |
| 9. | Муктаж болгон ден соолугу- нун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга акысыз турмуш-ти- ричилик кызматтарды (бут кийим, кийим оңдоо, химия- лык тазалоо, жууп-тазалоо кызматтары, чач жасалгалоо кызматтары) көрсөтүү | 2009-жыл ноябрь | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макул- дашуу боюнча) |
| 10. | Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жалгыз бой аз камсыз болгон адамдар үчүн акысыз кайрымдуулук түштөн- дүрүүлөрдү уюштуруу | 2009-жыл ноябрь | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макул- дашуу боюнча) |
| 11. | Тамак-аш азыктарын, биринчи кезекте зарыл болгон товар- ларды арзандатылган баалар боюнча чекене сатуу жарман- келерин бизнес-жамааттар менен бирдикте өткөрүү | 2009-жыл ноябрь | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макул- дашуу боюнча), Айылсуучар- бамин, бизнес-жамааттар (макулдашуу боюнча) |
| 12. | Медициналык көрсөтмөсү бар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды жекече алга жылуу каражаттары ме- нен (кресло-коляска) кам- сыздоо | Дайыма | Эмгексоцмин |
| 13. | Ведомстволук аймакта жай- гашкан интернат үйлөргө аларда жашашкан ден соолу- гунун мүмкүнчүлүгү чектел- ген адамдарга өзгөчө көңүл бөлүү менен финансылык жар- дам, ошондой эле колдоонун башка түрлөрүн (тамак-аш азыктары, отун, кийим) көр- сөтүү | Дайыма | Аткаруу бийлигинин мамле- кеттик органдары, жерги- ликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук уюмдар (макулдашуу боюнча), биз- нес-жамааттар (макулдашуу боюнча) |
| 14. | Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын проб- лемаларын, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга социалдык жана башка жардамдарды көрсөтүү- чү бардык кызматтардын иш- теринин жакшы тажрыйбаларын басма-сөздө, радиодо, теле- видениеде кеңири чагылдыруу | Дайыма | Эмгексоцмин, ЖМК (макулда- шуу боюнча), облустук те- лерадио компаниялар, жер- гиликтүү мамлекеттик адми- нистрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган- дары (макулдашуу боюнча), коомдук уюмдар (макулдашуу боюнча) |
| 15. | Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды коомго интеграциялоо боюнча ийги- ликтер жана жетишкендиктер жөнүндө телеберүүлөрдүн циклин өткөрүү | Дайыма | Эмгексоцмин, жалпыга маа- лымдоо каражаттары (макул- дашуу боюнча), облустук телерадио компаниялар |
| 16. | Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын каты- шуусу менен жаштар арасында телекөрсөтүүдө дебаттык турнирлерди жана дискусси- ялык жолугушууларды уюшту- руу | 2009-жыл ноябрь | Маданиятмаммин, жалпыга маалымдоо каражаттары (макулдашуу боюнча), облустук телерадио компаниялар |
| 17. | Өтө муктаж болгон ден соо- лугунун мумкүнчүлүгү чек- телген адамдарга кышка ка- рата отун алуу жана турак жайын оңдоо үчүн колдон келген материалдык жардам көрсөтүү | 2009-жыл ноябрь | Аткаруу бийлигинин мамле- кеттик органдары, жерги- ликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) |
| 18. | Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга социал- дык колдоо жана бир жолу берилүүчү материалдык жар- дам көрсөтүү максаттарында кайрымдуулук акцияларын өткөрүү | Дайыма | Аткаруу бийлигинин мамле- кеттик органдары, жерги- ликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) |
| 19. | Төмөнкүдөй эки номинация боюнча жеңүүчүлөргө эсте каларлык байгелерди берүү менен түрдүү сынактардын жана мелдештердин жыйынты- гын чыгаруу боюнча гала-концерт өткөрүү: - майып балдар арасында; - ден соолугунун мүмкүн- чүлүгү чектелген чоңдор арасында | 2009-жыл 2-3- декабрь | Эмгексоцмин, Бишкек шаары- нын мэриясы |
| 20. | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүк- түрүү министрлигине атка- рылган иштер жөнүндө маалы- мат берүү | 2009- жылдын 10- декабрына чейин | Аткаруу бийлигинин мамле- кеттик органдары, жерги- ликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча), коомдук уюмдар (макулдашуу боюнча), бизнес-жамааттар (макулда- шуу боюнча) |
| 21. | Кыргыз Республикасынын Өк- мөтүнүн Аппаратына өткөрүл- гөн иш-чаралар жөнүндө жал- пыланган маалыматты берүү | 2009- жылдын 25- декабрына чейин | Эмгексоцмин |
Эскертүү: Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо боюнча кайрымдуулук айлыгын жана Эл аралык майыптар күнүн өткөрүү боюнча иш-чаралар планынын ишке ашыруу болгон финансылык каражатка жараша жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-октябрындагы № 572-б буйругу менен Бекитилген
Министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык
ведомстволорго, аткаруу бийлигинин башка органдарына
бекитилген интернат үйлөрдүн жана мектеп-интернаттардын
ТИЗМЕСИ
| № | Үйлөр жана мектеп-интернаттар | Маморгандардын аталышы |
|---|---|---|
| 1. | Төмөнкү-Серафимовка кары-картаңдар жана майыптар үчүн интернат үйү | Соцфонд (макулдашуу боюнча), МУКК |
| 2. | Токмок № 1 эркектер психоневрологиялык интернат үйү | Коргоомин |
| 3. | Токмок № 2 аралаш психоневрологиялык интернат үйү | Маммүлкком |
| 4. | Сокулук кары-картзңдар жана майыптар үчүн интернат үйү | Юстмин |
| 5. | Беловодск кары-картаңдар жана майыптар үчүн интернат үйү | Кыргызпатент |
| 6. | Бишкек шаардык кары-картаңдар жана майыптар үчүн интернат үйү | Бишкек шаары- нын мэриясы, Экономсоодамин |
| 7. | Жайыл аялдар психоневрологиялык интернат үйү | Айылсуучарба- мин |
| 8. | Покровка ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн интернат үйү | Транскоммин |
| 9. | Бакай-Ата майыптар үчүн интернат үйү | ӨКМ |
| 10. | Кадамжай аралаш психоневрологиялык интернат үйү | Мамкаттоо |
| 11. | Жалал-Абад балдар психоневрологиялык интернат үйү | Саламатсакмин |
| 12. | Сузак кары-картаңдар жана майыптар үчүн интернат үйү | Өнөржайэнермин |
| 13. | Ак-Суу аялдар психоневрологиялык интернат үйү | Бажыкомитет |
| 14. | Сүлүктү жалгыз бой жана кары-картаң жарандар үчүн интернат үйү | МРТМА |
| 15. | Краснореченка акыл-эси артка калган балдар жана ата-энелеринин камкордугусуз калган жетим майып балдар үчүн мектеп-интернаты | ИИМ |
| 16. | Төмөнкү-Чүй "психикалык өнүгүүсү кечеңдеген" диагнозу бар балдар үчүн адистештирилген интеранаты | Финмин |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-ноябрындагы № 177-р (Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоонун жана мээримдүүлүктүн «Биз биргебиз!»аттуу бир айлыгы 2010-жылдын…Распоряжение · 19.11.2010 · № 177-р · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-мартындагы № 103-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-октябрындагы № 572-б буйругуна толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 30.03.2010 · № 103-р · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-ноябрындагы № 177-р (Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоонун жана мээримдүүлүктүн «Биз биргебиз!»аттуу бир айлыгы 2010-жылдын…Распоряжение · 19.11.2010 · № 177-р · Күчүн жоготкон
2 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.