# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 2-октябрындагы № 560-б (Кызматтык жайлар менен камсыздоо боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 2-октябрындагы № 560-б (Кызматтык жайлар менен камсыздоо боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 560-р
- Кабыл алынган күнү: 02.10.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.09.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207640>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-8007/edition/581297/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207640.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.09.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 2-октябрындагы № 560-б (Кызматтык жайлар менен камсыздоо боюнча) буйругу (04.09.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207640

---

КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-сентябры № 376-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 2-октябры № 560-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 498 "Инфоком" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын иштөөсү үчүн шарттарды түзүү жана аны кызматтык жайлар менен камсыздоо максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик имараттарды пайдалануу жана кармоо боюнча департамент Бишкек шаары, Манас проспекти, 28 дареги боюнча жайгашкан администрациялык имараттан № 1016, № 103, № 109, № 111, № 110 (110/1, 110/2, 110/3, 110/4, 110/5, 110/6) кабинеттерин жана бир подвалдык жайды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасына коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү төлөтүп, акысыз пайдалануу келишиминин шарттарында берсин.

2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
