# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-сентябрындагы № 536-б (Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Толук айылында 270 окуучулук орундуу, спорт залдуу атайын орто мектеп курулуусу боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-сентябрындагы № 536-б (Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Толук айылында 270 окуучулук орундуу, спорт залдуу атайын орто мектеп курулуусу боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 536-р
- Кабыл алынган күнү: 19.09.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.01.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207618>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-7985/edition/523656/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207618.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.01.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-сентябрындагы № 536-б (Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Толук айылында 270 окуучулук орундуу, спорт залдуу атайын орто мектеп курулуусу боюнча) буйругу (27.01.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207618

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 19-сентябры № 536-б (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 4-августундагы № 17-р буйругунун редакциясына ылайык) Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Толук айылында мектепти жана окуу процессин калыбына келтирүү максатында:

1. Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Толук айылында 270 окуучулук орундуу, спорт залдуу атайын орто мектеп курулсун.

2. Мектепти долбоорлоонун жана куруунун заказчысы болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин жарандык турак жай курулуш башкармалыгы (мындан ары - Башкармалык) аныкталсын.

3. Башкармалык "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:

- 2009-жылдын 30-декабрына чейин долбоор-смета документтерди даярдасын;

- 2011-жылдын 1-сентябрына чейин мектептин курулушун бүтүрүүнү камсыздасын.

(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 4-августундагы № 17-р буйругунун редакциясына ылайык)

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- Башкармалыкка 2009-жылдын республикалык бюджетинен долбоор-смета документтерди иштеп чыгуу жана курулушту баштоо үчүн 1,0 (бир) миллион сом бөлсүн;

- мектептин курулушун долбоор-смета документтерге ылайык бүтүрүү үчүн 2010-2011-жылдарга карата республикалык бюджетте белгиленген тартипте каражат караштырсын.

(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 4-августундагы № 17-р буйругунун редакциясына ылайык)

5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө тапшырылсын.

Премьер-министр

И.Чудинов
