# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-сентябрындагы № 527-б (Делегациясы курамын бекитүү тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-сентябрындагы № 527-б (Делегациясы курамын бекитүү тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 527-р
- Кабыл алынган күнү: 18.09.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.09.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207609>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-7976/edition/515254/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207609.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.09.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-сентябрындагы № 527-б (Делегациясы курамын бекитүү тууралуу) буйругу (18.09.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207609

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 18-сентябры № 527-б 2009-жылдын 20-28-сентябрында Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Америка Кошмо Штаттарында боло турган жумушчу сапарына жана Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 64-сессиясынын жалпы дебатына катышуусуна байланыштуу:

1. Кыргыз Республикасынын делегациясы төмөнкүдөй курамда бекитилсин:

Расмий делегация:

Чудинов Игорь Витальевич(\*) - Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, делегациянын жетекчиси; Сарбаев Кадырбек Тельманович(\*)- Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри; Султанов Марат Абдыразакович(\*) - Кыргыз Республикасынын финансы министри; Сатыбеков Мелисбек Сатыбекович(\*)- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары; Давлеткельдиев Арстанбек Абдыкулович(\*) - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; Исаков Сапар Жумакадырович(\*) - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы; Сыдыкова Замира Бексултановна - Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канададагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси; Жээнбаев Нурбек Жаныбекович - Нью-Йорк шаарында БУУнун алдындагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү.

Коштоочу адамдар:

Садралиев Нуржан Раимканович - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жардамчысы; Жаманбаев Муса Мураталиевич(\*\*) - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жардамчысы - Протокол кызматынын жетекчиси; Султангазиев Айбек Кенжебекович - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин басма сөз катчысы; Молдоисаева Миргүл Родбековна - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы байланыштар бөлүмүнүн референти; Эгембердиев Алтынбек Камчибекович(\*\*), (\*\*\*), (\*\*\*\*) - Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын башкы адиси (макулдашуу боюнча); Данияров Улан Шайлообекович(\*\*\*) - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык уюмдар департаментинин биринчи секретары; Аданов Рахман Бектурсунович(\*\*), (\*\*\*) - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик протокол департаментинин биринчи секретары; Ишимов Аманат(\*\*\*) - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Батыш өлкөлөрү департаментинин атташеси - котормочу; Сыдыкбаев Эрнс Исаевич(\*\*\*\*) - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматынын офицери (макулдашуу боюнча); Айльчиев Сагын - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жеке фотографы; Кеңешов Азамат Кожомуратович - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жеке оператору; Жолдубаева Кундуз(\*\*\*), (\*\*\*\*) - Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясынын кабарчысы (макулдашуу боюнча); Текимбаева Айсулуу Орозалиевна(\*\*\*\*) - "5-канал" жабык акционердик коомунун кабарчысы (макулдашуу боюнча); Иманкожоев Азамат Дүйшөналиевич(\*\*\*\*) - "5-канал" жабык акционердик коомунун оператору (макулдашуу боюнча).

2. Көрсөтүлгөн иш-чараларга делегация мүчөлөрүнүн катышуусуна байланышкан чыгымдар "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен жүргүзүлсүн.

3. Көрсөтүлгөн иш-чараларга байланыштуу чыгымдарды төлөө үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан 4347200 (төрт миллион үч жүз кырк жети миң эки жүз) сом бөлүнсүн.

Эскертүү: (\*) турак жайды жалдоого байланыштуу чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 токтомунун № 2 тиркемесинин 3-пунктуна ылайык факты боюнча; транспорттук чыгымдарга акы төлөө факты жүзүндө берилген документтер боюнча төлөнсүн; (\*\*) 2009-жылдын 14-29-сентябрында алдыңкы топтун курамында командировкага жиберилет; (\*\*\*) суткалык жана турак жайды жалдоого байланыштуу чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын каражаттарынын эсебинен; (\*\*\*\*) авиабилетке чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунун каражаттарынын эсебинен.

Премьер-министр

И.Чудинов
