Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Делегациясы курамын бекитүү тууралуу) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 18-сентябры № 527-б 2009-жылдын 20-28-сентябрында Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Америка Кошмо Штаттарында боло турган жумушчу сапарына жана Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 64-сессиясынын жалпы дебатына катышуусуна байланыштуу:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Расмий делегация:
Чудинов Игорь Витальевич(*) - Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, делегациянын жетекчиси; Сарбаев Кадырбек Тельманович(*)- Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри; Султанов Марат Абдыразакович(*) - Кыргыз Республикасынын финансы министри; Сатыбеков Мелисбек Сатыбекович(*)- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары; Давлеткельдиев Арстанбек Абдыкулович(*) - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; Исаков Сапар Жумакадырович(*) - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы; Сыдыкова Замира Бексултановна - Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канададагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси; Жээнбаев Нурбек Жаныбекович - Нью-Йорк шаарында БУУнун алдындагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү.
Коштоочу адамдар:
Садралиев Нуржан Раимканович - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жардамчысы; Жаманбаев Муса Мураталиевич(**) - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жардамчысы - Протокол кызматынын жетекчиси; Султангазиев Айбек Кенжебекович - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин басма сөз катчысы; Молдоисаева Миргүл Родбековна - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы байланыштар бөлүмүнүн референти; Эгембердиев Алтынбек Камчибекович(**), (***), (****) - Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын башкы адиси (макулдашуу боюнча); Данияров Улан Шайлообекович(***) - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык уюмдар департаментинин биринчи секретары; Аданов Рахман Бектурсунович(**), (***) - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик протокол департаментинин биринчи секретары; Ишимов Аманат(***) - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Батыш өлкөлөрү департаментинин атташеси - котормочу; Сыдыкбаев Эрнс Исаевич(****) - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматынын офицери (макулдашуу боюнча); Айльчиев Сагын - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жеке фотографы; Кеңешов Азамат Кожомуратович - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жеке оператору; Жолдубаева Кундуз(***), (****) - Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясынын кабарчысы (макулдашуу боюнча); Текимбаева Айсулуу Орозалиевна(****) - "5-канал" жабык акционердик коомунун кабарчысы (макулдашуу боюнча); Иманкожоев Азамат Дүйшөналиевич(****) - "5-канал" жабык акционердик коомунун оператору (макулдашуу боюнча).
2. Көрсөтүлгөн иш-чараларга делегация мүчөлөрүнүн катышуусуна байланышкан чыгымдар "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен жүргүзүлсүн.
3. Көрсөтүлгөн иш-чараларга байланыштуу чыгымдарды төлөө үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан 4347200 (төрт миллион үч жүз кырк жети миң эки жүз) сом бөлүнсүн.
Эскертүү: (*) турак жайды жалдоого байланыштуу чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 токтомунун № 2 тиркемесинин 3-пунктуна ылайык факты боюнча; транспорттук чыгымдарга акы төлөө факты жүзүндө берилген документтер боюнча төлөнсүн; (**) 2009-жылдын 14-29-сентябрында алдыңкы топтун курамында командировкага жиберилет; (***) суткалык жана турак жайды жалдоого байланыштуу чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын каражаттарынын эсебинен; (****) авиабилетке чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунун каражаттарынын эсебинен.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы №471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомуПостановление · 26.08.2008 · № 471 · Күчүн жоготкон