# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-сентябры № 520-б ("Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-сентябры № 520-б ("Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 520-р
- Кабыл алынган күнү: 17.09.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.02.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207603>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-7970/edition/515242/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207603.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.02.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-сентябры № 520-б ("Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча) буйругу (11.02.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207603

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 17-сентябры № 520-б "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында:

1. "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун ишке ашыруу боюнча тиркелген план (мындан ары - План) бекитилсин.

2. Планды ишке ашырууга тартылган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары Планды ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине берип турушсун.

3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Планды аткаруунун жүрүшү жөнүндө отчетту квартал сайын, отчеттук кварталдан кийинки айдын 15инен кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турсун.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-сентябрындагы № 520-б буйругу менен бекитилген

"Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын

жоболорун ишке ашыруу боюнча

ПЛАН

| № | Ишке ашыруу боюнча иш-чаралар | Аткаруу мөөнөттөрү | Жооптуу аткаруучулар |
| --- | --- | --- | --- |
| 1 | "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизүү | 2009-жылдын октябры | Юстмин |
| 2 | "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизүү | 2009-жылдын декабры | Юстмин |
| 3 | "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизүү | 2009-жылдын декабры | ТИМ |
| 4 | Министрликтерди, мамлекеттик комитеттерди жана администрациялык ведомстволорду, аткаруу бийлигинин башка органдарын нормативдик укуктук актыларды кабыл алуу укугун берген жоболорду аныктоо боюнча нормативдик укуктук актыларга инвентаризация жүргүзүү | 2009-жылдын сентябрь- декабры | Министрликтер жана ведомстволор (компетен- циясынын алкагында), Юстмин |
| 5 | "Нормативдик укуктук актылардын мамлекеттик реестри жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоорун иштеп чыгуу жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизүү | 2009-жылдын октябры | Юстмин |
| 6 | "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-январындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоорун иштеп чыгуу жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизүү | 2009-жылдын октябры | Өкмөттүн Аппараты |
| 7 | "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн нормативдик укуктук актыларын жарыялоонун тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоорун иштеп чыгуу жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизүү | 2009-жылдын ноябры | Юстмин |
| 8 | "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы № 612 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын белгиленген тартипте Өкмөтүнүн Аппаратына киргизүү | 2009-жылдын октябры | Юстмин |
| 9 | Мурда министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын актылары менен жөнгө салынган коомдук мамилелерди жөнгө салуу максатында нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизүү | 2009-жылдын декабры - 2010-жылдын январы | Мамлекеттик органдар (компетен- циясынын алкагында) |
| 10 | "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келбеген нормативдик укуктук актыларды күчүн жоготту деп табууга багытталган нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизүү | 2009-жылдын октябры | Юстмин |
